Лукашенконун атаандашы Тихановскаяны коопсуз жайга алып чыгып кетишкен

© Sputnik / Виктор Толочко / Медиабанкка өтүүПресс-конференция кандидата в президенты Белоруссии С. Тихановской
Пресс-конференция кандидата в президенты Белоруссии С. Тихановской - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин Тихановская шайлоонун жыйынтыгы боюнча БШКга арыз бергенден кийин байланышка чыкпай калганы айтылган.

БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Беларустун президенттигине ат салышкан талапкер Светлана Тихановская Литвага кетти. Бул тууралуу Литванын тышкы иштер министри Линас Линкявичус өзүнүн Twitter баракчасына жазганын РИА Новости билдирет.

"Светлана Тихановская коопсуз жайда, ал Литвада", - деп жазат ал.

Жекшембиде Беларусь Республикасында президенттик шайлоо өткөн. Өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) маалыматы боюнча Лукашенко 80,08 пайыз добушка ээ болгон. 10,09 пайыз добуш менен Светлана Тихановская экинчи сапка чыккан.

Тихановскаянын шайлоо штабы БШКнын жыйынтыгын тааныбай турганын билдирип, республиканын аймактарындагы бардык участкалардагы жыйынтыктар боюнча өз талапкери 70-80 пайыз добуш алганын белгилейт.

Тихановская шайлоонун жыйынтыгы боюнча БШКга арыз бергенден кийин байланышка чыкпай калганы айтылган.

38 жашта. Лукашенкодон тизгин талашкан Тихановскаянын таржымалы

Жекшемби күнү кечинде Беларустун бир катар ири шаарларында массалык нааразычылык акциялары башталып, дүйшөмбү күнгө чейин уланган.

Милиция акцияга чыккандарга карата көздөн жаш агызуучу газ, суу замбиректерин жана тарсылдак гранаталарды колдонуп тараткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0