Банктык картаны кайсы жакта колдонуу кооптуу? Адистин кеңеши

© Sputnik / Григорий Сысоев / Медиабанкка өтүүМеждународные платежные систем VISA и MasterCard
Международные платежные систем VISA и MasterCard - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адис интернет аркылуу соода кылганда ишенимдүү гана дүкөндөрдүн же ишканалардын кызматын пайдаланууга чакырат.

БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Интернеттеги шылуундукту алдын алуу боюнча адис банктык карталарды колдонуудагы коркунучтар тууралуу айтып берди. Анын кеңешин РИА Новости жарыялады. 

"Инфосистемы Джет" компаниясынын шылуундукту алдын алуу бөлүмүнүн башчысы Алексей Сизовдун айтымында, азыр банктык карталар жашообузга  сүңгүп киргендиктен, коргонуунун  жолдору табылган. Бирок интернет аркылуу соода кылуу ушул убакка чейин кооптуу бойдон калууда.

Кыргызстанда банктык карталар менен кантип акча табууга болот? Жол-жобосу

"Учурда "жасалма" сайттар көп. Алар кадимки интернет-дүкөн же кызмат көрсөтүүчү ишканалардай болуп өз товарын сунуштайт. Качан гана киши заказ берип, акысын карта аркылуу төлөөгө келгенде эсептеги акчаларды чыгарып кетишет. Азыр интернетте улам бир сайттар ачылып жаткандыктан, анын кайсынысы шылуун экенин аныктоо оңой эмес", — деди Сизов.

Мындан улам адис интернет аркылуу соода кылганда 100 пайыз ишенимдүү гана дүкөндөрдүн же ишканалардын кызматын пайдаланууга чакырат.

Жаңылыктар түрмөгү
0