Минскидеги башаламандык таңга жуук токтоду

© REUTERS / Vasily FedosenkoАкции протеста после президентских выборов в Беларуси
Акции протеста после президентских выборов в Беларуси - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Түндө шаарда тартип сакчылары менен кагылышуудан жапа чеккендер жана кармалгандар көп болуп, бир адам көз жумган.

БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Беларустун борбору Минск шаарындагы нааразылык акциялары таңга жуук токтогонун РИА Новости жазды.

Милиция кызматкерлери ички аскерлердин жана "Альфа" атайын багыттагы бөлүгүнүн жардамы менен митингге чыккандарды тарката алган. Алар кулак тундуруучу граната, көздөн жаш агызуучу газ жана желим ок колдонушкан. Ошондой эле атайын унаалары болгон.

Лукашенко: митингге чыккандарды чет мамлекеттен туруп көзөмөлдөшкөн

Түндө тартип сакчылары менен кагылышуудан жапа чеккендер жана кармалгандар көп болуп, бир адам көз жумган. Эркек киши жоокерлерди көздөй жардыруучу түзүлүштү ыргытууга аракет кылып ал колунда жарылып кеткен.

Эскерте кетсек, эл көчөгө шайлоонун жыйынтыгына нааразы болуп чыккан. Анда азыркы президент Александр Лукашенко бир топ айырма менен атаандаштарынан озуп, дагы беш жылга өлкө башчысы болуп калмакчы.

Жаңылыктар түрмөгү
0