Арасында сиздики барбы? Ден соолукка өтө кооптуу кесиптер аталды

© Sputnik / Эмиль СадыровШахтерский город Сулюкта в Баткенской области
Шахтерский город Сулюкта в Баткенской области  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Рейтингди түзүүдө адистер иш учурунда алган жаракаттарды эске алган. Биринчи орунда тоо-кен тармагынын кызматкерлери турат.

БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Россиядагы керектөөчүлөрдүн укугун коргоо жана адамдык бакубатчылык боюнча федералдык кызматы (Роспотребнадзор) кишинин ден соолугуна эң кооптуу кесиптердин рейтингин жарыялады. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Рейтингди түзүүдө адистер иш учурунда алгач жаракаттарды эске алган.

Россиядагы эң көп айлык төлөнүүчү жумуштар аталды

Биринчи орунда тоо-кен тармагынын кызматкерлери турат.

"Мисал катары алсак, былтыр Россияда иш учурунда жабыр тарткандардын 46,9 пайызы дал ушул тармакка туура келет. Булардан кийин эле 29,9 пайыз менен кайра иштетүү менен алектенген ишканалардын кызматкерлери турат", — деп айтылат Роспотребнадзор мекемесинин билдирүүсүндө.

Төртүнчү орунда транспорт кызматтарын көрсөткөндөр (10,5 пайыз), андан соң курулушчулар (3,6 пайыз) турат.

Айыл чарба, аңчылык, балык уулоо жаатында иштегендер курулушчулардан калышпайт (3,5 пайыз).

Калган 5,6 пайызы башка тармактарга туура келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0