Дүйнө элинин кызыкчылыгы үчүн. АКШ аскерлеринин Германиядан чыгарылышына сереп

© AP Photo / Andrew HarnikАКШнын президенти Дональд Трамп Рамштайн аскер базасында. Архив
АКШнын президенти Дональд Трамп Рамштайн аскер базасында. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Германиядан 12 миңге чукул аскер адамы чыгарылат. Анын басымдуу бөлүгү — 6,4 миңи үйүнө кайтса, калганы Европа өлкөлөрүнө бөлүштүрүлөт. Ал эми Москванын жанына, башкача айтканда, Польшага болгону миң жоокер жөнөтүлмөй болду.

АКШнын коргоо министри Марк Эспер Германиядан аскерлерди чыгаруу Россияны тизгиндөө стратегиясынын алкагында ишке аша турганын жар салды.

Пентагон жетекчисинин азыркы абалы губернатордукунан да чабал сыяктуу, айткан сөзүнүн жападан жалгыз аргументи бар. Мындайынан алганда АКШ чынында эле "аскерин чыгышка, россиялык чек арага жакыныраак жылдырууда". Бирок тыкыр карай келгенде бул тезис америкалыктар үчүн жагымсыз көрүнүштү ашкерелөөдө дейт россиялык журналист Ирина Алкснис.

Германиядан 12 миңге чукул аскер адамы чыгарылат. Анын басымдуу бөлүгү — 6,4 миңи үйүнө кайтса, калганы Европа өлкөлөрүнө бөлүштүрүлөт. Ал эми Москванын жанына, башкача айтканда, Польшага болгону миң жоокер жөнөтүлмөй болду.

Мындай жагдай Эспердин сөзүнөн күмөн жаратпай койбойт. Башкача болушу да мүмкүн эмес, анткени АКШнын Германиядагы контингентинин айланасындагы карама-каршылыктын НАТО менен Россиянын мамилесине дээрлик тиешеси жок.

Тараза ташында адамзат өмүрү. COVID-19га каршы вакцина чыгаруу жарышына чыккандар

Washington Post 2018-жылдын июнунда эле Пентагондун аскерлерди Европага жайгаштыруунун баасы жана кесепети тууралуу жасап жаткан анализин баяндаган. Гезиттин айтымында, аталган демилгеге Трамп ошол жылы эле кызыкдарлыгын билдирген. АКШ президенти НАТО боюнча өнөктөштөрүнүн блокту каржылоого акча бөлүүдөн баш тартуусуна нааразы болгон. Биринчи кезекте бул көп жылдан бери аскерий чыгымын ИДПнын эки пайызына чейин көтөрүүдөн баш тартып келген Берлинге тийиштүү болчу.

Аталган маселе бир жыл мурун кайра көтөрүлдү. АКШнын Германиядагы элчиси Ричард Гренелл Кошмо Штаттар  аскерий контингентин ГФРден Польшага чыгарып кетүүгө даяр экенин жар салган. Ал “немецтер өзүнүн профицитин ички максаттарына колдонуп жаткан учурда америкалык салык төлөөчү Германиядагы 50 миңдей жоокерди каржылоону уланта берерин күтүү кордуктун жеткен чеги” экенин белгилеген.

Мындай билдирүүгө Польшанын реакциясы укмуштуудай болду. Былтыр жыл бою польшалык саясатчылар менен ЖМКлар алардын өлкөсү ГФРдин ордуна америкалык аскерлердин Европада жайгашкан негизги жери болуп каларын саймедирешкен. Керек болсо өзөктүк курал жайгаштыруу талкуулана баштаган. Албетте, мындай сөздөр да тегин жерден чыкпай турганын белгилей кетүү керек.

АКШнын алдан тайышы: балдар полициядан коркуп жана жек көрүүнү үйрөнүп жатышат

Ар кандай саясий билдирүүлөрдөн арылып, фактынын өзүн карай турган болсок, болуп жаткан окуянын маңызы жөпжөнөкөй экенин көрүүгө болот.

АКШ көп жылдан бери дүйнөнүн ири экономикасынын бири болгон Германияны аскерий чыгымын көбөйтүүгө мажбурлап келет. Эгер республика буга макул болсо, каражаттын басымдуу бөлүгү океандын ары жагына агылмак. Америкалыктар немецтерди опузалап да, коркутуп да көрүштү, керек болсо кысмакка да алган учурлары болду. Бирок мындай аракеттен эч майнап чыккан жок: Германия баш ийип, оюнан кайтпай койду.

Окуянын өнүгүшүн карай келсек, мунун баары Трампты тажатып жибергендей. Эми коргоо министри менен бир катар расмий кызматтагы адамдар аскерлерди Германиядан чыгаруунун “адеми” жолун камсыздоо боюнча операция жүргүзүп жатышат. Бул өңүттөн алып караганда АКШ таптакыр эле утулуп калгандай көрүнбөй калат эмеспи.

Бирок иш жүзүндө ою оңунан чыкпай АКШнын азыр ызаланып турган учуру.

Немецтерден каалаганын ала алган жок. Экономикасына кошумча акча тартылбады. Европадагы аскерий контингенттин саны кыскарууда. Анын үстүнө бул Россиянын таасири жана кубаты күн сайын өсүп жаткан маалга туш келди. Аскерлерди чыгаруу Германияны жазалоо катары деле кабылданган жок. Ооба, өлкө жумуш орундарынан, аскердик инфраструктураны тейлөөдөн тапкан каражаттан кол жууду. Бирок бул жоготуу эгер Германия Вашингтондун сунушуна макул болсо тушукчу чыгымынан алда канча аз. Салыштырып да болбойт.

Расизмби же анархиябы? АКШ оңой эмес тандоо алдында турат

Кыскасы, Польшага жайгашчу кошумча миң аскер АКШнын абийирин жаап, Россияны тизгиндөө аракети тууралуу сөз кылууга мүмкүндүк берет.

Негизи Трамп эмне себептен аскерин чыгаруу чечимин кабыл алды деген кадыресе суроо туулат. Себебин президенттин өзүнөн, улуттук лидер катары койгон максаттарынан издөөгө болчудай.

Өзгөчө ажо экенине карабай Дональд Трамп чынында АКШда жылдап топтолуп калган системалуу көйгөйлөрдү чечүүгө умтулуп келет. Мында ал кескин кадамдарга да баруудан кайра тартпайт. Анын үстүнө АКШ дүйнөлүк держава реномеси менен экономикалык кызыкчылыгы каршы келген капканга түшүп калды.

Арийне, Трамптын нааразычылыгы деле орундуу: Америка Европа үчүн коргонуу функциясынын жоопкерчилигин артынып алганы аз келгенсип, бул үчүн төлөп да келет. Анткени Европанын ири жана бай экономикаларынын баары кебелбестен АКШнын мойнуна отуруп алышкан.

Бекер убара болуп... АКШ "Россиянын ийгиликтүү пропагандасынын сырын" ачты

Бул жерде аталган өлкөлөрдүн баары Россия тараптан кандайдыр бир кооптуулук бар экенине ишенишпейт. Эгер АКШ Москва менен аскерий-саясий оюнун уланта турган болсо, Европа кичүү болуп колдоп-коштоп койгонго даяр. Бирок Вашингтон амбициясы үчүн өзү төлөшү керек болот.

АКШнын глобалдуу ири держава деген макамы америка элитасынын басымдуу бөлүгү үчүн чоң мааниге ээ болгондуктан акча салуу жакшы жайылган. Айрым учурда ишке ашпай турган долбоор экенин билип туруп деле каражат жумшагандар бар.

Бирок Дональд Трамптын позициясы мындан обочо. Ал бир нече ирет дүйнө лидерлиги АКШга жана анын экономикасына киреше алып келиши керектигин айткан. Эгер мындай болбой турган болсо, анда ири держава деген макам пайдасыз жана акылга сыйбаган кымбат нерсе. Ал эми ага жумшалган ресурсту маанилүү тармакка жумшоо зарыл.

Германиядан аскерлерди чыгаруу чечими Трамптын айткан сөзү менен иши дал келе турганын көрсөттү.

Европа менен Америка Россиянын газ түтүгүнөн улам тирешүүгө барабы?

Берлинден керектүү нерсени ала албай турганын түшүнгөн соң ал окуяга бизнесмен катары көз жүгүртүп, чыгымды кыскартуу процессин баштады. Аскерлерди жайгаштыруунун өзү көп акчаны талап кылган аракет, бирок бул алардын ГФРда турганы үчүн төлөнгөн каражатка салыштырмалуу кыйла эле пайдалуу. Мындан улам Трамптын чечими экономикалык көз караштан туура жана АКШнын улуттук кызыкчылыгына дал келген аракет деп ишенимдүү айтууга болот.

Албетте, бул кадам Кошмо Штаттардын алсыздыгын, мойнуна артылган финансылык жүктү сүйрөөгө жөндөмсүздүгүн ашкерелеп, глобалдуу гегемониясын кыйратууну уланта бермекчи. Ал эми мындай көрүнүш жалпы дүйнөнүн кызыкчылыгын көздөөрү анык.

Жаңылыктар түрмөгү
0