Бейруттагы митингден жабыркагандардын саны 700дөн ашты

© REUTERS / Issam AbdallahБейруттун портунда катуу жарылуу учурунда. Архив
Бейруттун портунда катуу жарылуу учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин митингчилер ТИМ, андан кийин экономика жана энергетика министрликтеринин имараттарын басып алышкан.

БИШКЕК, 9-авг. — Sputnik. Бейрутта күч түзүмдөрү менен митингге чыккандардын ортосундагы кагылышуудан 700дөн ашык киши жабыркады. Бул тууралуу "Аль-Жазира" телеканалына таянып, РИА Новости кабарлады.

Буга чейин митингчилер ТИМдин, андан кийин экономика жана энергетика министрликтеринин имараттарын басып алышкан. Мекемелерди бошотуу үчүн тартип сакчылары элди кууп, ок чыгарган.

"Аль-Арабия аль-Хадас" телеканалы билдиргендей, учурда Бейруттун көчөлөрү тынчыды.

"Ливан борборундагы каршылык акциясында 728ден ашык адам ар кандай жаракаттарды алышты", — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, 8-август, ишемби күнү, миңдеген адамдар өкмөттүн кетишин жана реформаны талап кылып митингге чыгышкан. каршы, ал массалык башаламандыкка айланып, митингчилер өкмөттүн бир нече имаратын басып алган. ИИМ билдиргендей, кагылышуудан бир укук коргоо кызматкери каза болгон.

Аталган шаарда 4-августта портто катуу жарылуу болуп, 150дөн ашык адам көз жумса, алты миңден көбү жабыркаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0