Муундар ооруп, уйку качат. Августта жер шарында күчтүү магнит бороону болот

Жазылуу
Жаратылыштагы аталган кубулуш 21-22 жана 29-август күндөрү күчтөнүшү ыктымал. Анда адамдардын муундары, башы ооруп, өзүн жаман сезип, уйкусунда көйгөйлөр жаралат.

БИШКЕК, 9-авг. — Sputnik. Жер шарында август айында күчтүү магнит бороону болушу күтүлүп жатат. Бул тууралуу “Известия” басылмасы жазып чыкты.

Окумуштуулар 10-августта орточо магнит бороонун болжолдоодо. Ошол учурда адамдардын кан басымы түшүп же жогорулап кетиши ыктымал.

"Магнит бороонунун күчү 13-14-август күндөрү бир аз басаңдайт. Ал күндөрү аба ырайынын өзгөрүшүнөн кыйналган адамдардын башы айланып же ооруйт", — деп айтылат кабарда.

Аталган бороон 21-22 жана 29-август күндөрү кайра күчтөнүшү мүмкүн. Анда көпчүлүк кишинин муундары, башы ооруп, өзүн жаман сезип, уйкусу качышы ыктымал.

Жаңылыктар түрмөгү
0