Отуз жаштагыдай көрүнгөн алтымыштагы аял картайбоонун сырын айтты. Сүрөт

© Фото / Pixabay/ happyveganfitЧуркоого даярданып жаткан аял. Архив
Чуркоого даярданып жаткан аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Хабшердин 30 жаштагы кызы Шер дагы энесинин жаш көрүнүүсү үчүн ага модалуу кийимдерди тандоого жардам берет.

БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Флориданын (АКШ) жашоочусу 60 жаштагы Доун Хабшер өз курагынан алда канча жаш көрүнүүсүнүн сырын ачыктады. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Dawn.Hubsher (@dawn.hubsher)

Америкалык айым Daily Mail басылмасына маек курган.

Анын сырткы келбетин жана мүчөсүн калыбында сактоого спорт менен машыгуу, туура тамактануу, териге кам көрүү, жакшы уктап эс алуу жана сууну көп ичүү жардам берерин айткан.

Анын 30 жаштагы кызы Шер дагы энесинин жаш көрүнүүсү үчүн ага модалуу кийимдерди тандоого жардам берет. Экөөнүн өлчөмү бир болгондуктан кийим алуу да ыңгайлуу.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Dawn.Hubsher (@dawn.hubsher)

Хабшердин айтымында, кызы менен көчөдө баратканда көпчүлүк аларды эгиз экен деп ойлошот.

"Эл мени отуздан бир аз ашкан куракта экен деп кабылдашканы, албетте, жагымдуу маанай тартуулайт", — деген Доун.

Селкидей көрүнгөн британиялык келин элди таң калтырууда. Сүрөт, видео

Шердин апасынын сырткы келбетине суктанган жигиттер да арбын.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Dawn.Hubsher (@dawn.hubsher)

"Алар мага отуз жылдан кийин кандай көрүнөрүңдү билип алдым деп да айтышты. Демек, бул кандайдыр бир жагдайда мага да пайдалуу десем жаңылышпайм", —  деген кызы.

Шер энесинин азыркы келбетине суктанарын кошумчалаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0