Дүйнөдө COVID жуктургандар 19 миллиондон ашты

© REUTERS / BAZ RATNERКениядагы коронавирустам каза тапкан кишинин сөөк коюусу
Кениядагы коронавирустам каза тапкан кишинин сөөк коюусу - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкек убактысы боюнча саат 10.00гө карата дүйнө жүзүндө вируска кабылгандардын саны 19 021 922 киши болду. Мунун ичинен 713 845 бейтап көз жумду.

БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. Бүгүн дүйнө жүзүндө коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 19 миллиондон ашты. Бул тууралуу Жон Хопкинс атындагы изилдөө институтунун расмий сайтында жарыяланды.

Бишкек убактысы боюнча саат 10.00гө карата дүйнө жүзүндө вируска кабылгандардын саны 19 021 922 киши болду. Мунун ичинен 713 845 бейтап көз жумду.

ДССУ кайталап киргизилген карантиндик чектөөлөрдү сынга алды

COVID-19га кабылгандардын саны боюнча мурдагыдай эле АКШ алдыда. Учурда ал жакта 4 882 433 киши вирус жуктурганы белгилүү. 160 миңден ашык киши каза болду.

Андан кийинки орундарда Бразилия (2 912 212) жана Индия (1 964 536) турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0