19:43 25 Аяк оона 2020
Түз эфир
  • USD79.4998
  • EUR92.6530
  • RUB1.0349
Дүйнөдө
Кыскача шилтеме алуу
Дүйнөгө жайылган коронавирус (1062)
47 0 0

Калаа башчысы мындай чара Лос-Анджелес шаарында коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын алууга багытталганын айткан.

БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. Лос-Анджелес шаарынын (АКШ) бийлиги азыркы кырдаалда үйүндө кече уюштурган тургундардын суусун жана электр жарыгын өчүрүп салат. Бул тууралуу шаар мэри Эрик Гарсетти билдиргенин РИА Новости жазды.

Калаа башчысы мындай чара Лос-Анджелес шаарында коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын алууга багытталганын айткан.

"Түнкү клубдар, барлар жабылгандан бери үйүндө өткөрүлгөн кечелер дээрлик түнкү клубдарга айланып кетти... Ошондуктан Лос-Анджелестин суу башкармалыгы департаментине жана электр менен камсыздоо мекемесине үйүндө кече уюштургандардын суусу менен жарыгын өчүрүүгө уруксат беремин", — деген Гарсетти Youtube каналынан көрсөтүлгөн маалымат жыйында.

Собянин Москвада чектөө чаралары качан алынышы мүмкүн экенин айтты

Акыркы маалыматтарга ылайык, Лос-Анджелесте коронавируска кабылган 197 миң учур катталып, 4825 киши каза болгон. Лос-Анджелес шаары жайгашкан Калифорния штаты коронавируска кабылгандардын саны боюнча АКШда биринчи орунда турат.

Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус (1062)

Тема боюнча

Эмнеге балдар коронавируска жакшы туруштук берет? Педиатрдын пикири
Белгилер:
чектөө, карантин, Лос-Анжелес, коронавирус

ЭҢ МААНИЛҮҮ