22:48 01 Тогуздун айы 2020
Түз эфир
  • USD79.4881
  • EUR93.2356
  • RUB1.0286
Дүйнөдө
Кыскача шилтеме алуу
250 0 0

Голливуд Хиллз — Лос-Анджелесте гана эмес, бүткүл АКШдагы эң абройлуу райондордун бири. Мында турак жайдын баасы өтө кымбат.

БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. Өзбекстандын биринчи президентинин кенже кызы Лола Каримова-Тилляева менен жолдошу Лос-Анджелес шаарынын Голливуд Хиллз аймагында үч үйүн сатыкка койду. Бул тууралуу Sputnik Өзбекстан агенттиги жазды.

Ар бир мүлккө 5,9 — 6,5 миллион долларга чейинки баа коюлган.

"Dirt басылмасынын жазганына караганда, жубайлар бул турак жайларды 2014-жылы 16,1 миллион долларга сатып алган. Эми аларды дээрлик 19 миллионго сатканы жатат", — деп айтылат макалада.

Лола Каримова ачык сүрөтүн жарыялап өзбекстандыктарды таң калтырууда

Лола Каримова Ислам Каримовдун кичүү кызы, өзбекстандык ишкер Тимур Тилляевдин жубайы.

Голливуд Хиллз — Лос-Анджелесте гана эмес, бүткүл АКШдагы эң абройлуу райондордун бири. Мында турак жайдын баасы өтө кымбат.

Тема боюнча

Гүлнара Каримованын 10 млн. долларын Франциядан Өзбекстанга беришти
Белгилер:
турак-жай, Ислам Каримов, Лола Каримова, АКШ

ЭҢ МААНИЛҮҮ