ДССУ кайталап киргизилген карантиндик чектөөлөрдү сынга алды

© Sputnik / Алексей Витвицкий / Медиабанкка өтүүДССУ имараты. Архив
ДССУ имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ДССУ айрым өлкөлөрдүн кайрадан карантиндик чектөөлөрдү киргизип жатканын сынга алып, ооруну ооздуктоонун башка жолун сунуштады.

БИШКЕК, 3-авг. – Sputnik. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) жаңы илдеттер боюнча бөлүм башчысы Мария Ван Керхове COVID-19ду токтотуу үчүн кайрадан киргизилип жаткан катуу чектөөлөр туура эмес деп эсептейт. Анын бул пикирин  The Telegraph басылмасы жазды.

Адистин айтымында, мындай чектөөлөр инфраструктураны, дарыгерлерди, препараттарды дайындап алуу үчүн гана жасалган аракет эле.

COVID азайдыбы? Борбор Азия жана дүйнөдөгү абал

"Ооба, айрым өлкөлөргө убактылуу чектөөлөрдү киргизип турса болот. Бирок ДССУ массалык түрдө карантин жарыялап коюуну сунуштабайт. Анткени бул нерсенин экономикага, элге абдан чоң кесепети тийип жатат", — деди Ван Керхове.

Бөлүм башчы адам баласы кеминде дагы алты ай вакцинага жетпей турганын кошумчалады.

"Бул аралыкта карантинде жата беребизби? Айрымдар муну куру сөз катары көрөт, бирок бет кап тагынуу, аралыкты сактоо, ооругандардын жана байланышта болгондордун обочолонуусу — вирустун тарап кетпешинин эң жакшы жолу. Көп өлкөлөр вирусту ушул ыкма менен ооздуктап жатат. Үйгө камалып отургуча ушинтип жашаган жакшы эмеспи", — деди адис.

COVID: ДССУ Казакстандын экинчи вакцинасын каттады

Жон Хопкинс университетинин изилдөөлөрүнө ылайык, коронавирус илдетин жуктургандардын саны бүгүн дүйнө дүзү боюнча 18 миллиондон ашты. Каза болгондордун саны 680 миңден көбүрөөк. Сап башында мурдагыдай эле АКШ, Бразилия, Индия мамлекеттери турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0