23:15 30 Тогуздун айы 2020
Түз эфир
  • USD81.8000
  • EUR95.4770
  • RUB1.0311
Дүйнөдө
Кыскача шилтеме алуу
476 0 0

Адистин айтымында, адам абдан толук болсо, айына эң көп дегенде 10-15 килограммга арыктаса болот. Ал эми 30 күндүн ичинде 20 килограмм салмак таштоо өтө кооптуу.

БИШКЕК, 2-авг. — Sputnik. Адам өтө тездикте арыктаганда организм өз майына ууланышы мүмкүн. Бул тууралуу диетолог Елена Астаховага шилтеме берип РИА Новости жазды.

Адистин айтымында, май кайсы бир деңгээлде организмдин "таштанды челеги" сыяктуу. Ар кандай уулу заттар менен күрөшүп жок кыла албай калганда, организм аны майга кетирип коет.

"Киши тез арыктайм деп өзүн тамактан чектеп салганда, организм анын ордун толтуруш үчүн майды иштете баштайт. Жыйынтыгында анда чогулган уу органдардын ишин татаалдантып, өлүмдө дуушар кылышы дагы толук мүмкүн", — дейт диетолог.

Диетолог: өрүк менен шабдалы эркектерге көбүрөөк пайдалуу

Астахова кошумчалагандай, ден соолукка зыян келбеши үчүн салмак аз-аздан кетиши керек. Мисалы, адам абдан толук болсо айына эң көп дегенде 10-15 килограммга арыктаса болот. Ал эми 30 күндүн ичинде 20 килограмм салмак таштоо өтө кооптуу.

Адис арыктагысы келгендерге тамакты өтө аз эмес, туура жегенге чакырат. Тагыраагы, анда организмге жетиштүү белок, май жана углеводдор болушу шарт. Ансыз баланс бузулуп, ден соолук солгундайт.

Тема боюнча

Адатта пайдалуу дейбиз... Гастроэнтеролог тамакты ысык ичүү зыян экенин айтты
Белгилер:
кеңеш, диета, салмак, ден соолук

ЭҢ МААНИЛҮҮ