NASA Жерге чоңдугу футбол талаасындай астероид жакындап келе жатканын айтты

© NASAЖерге бараткан астероид . Иллюстративдик сүрөт
Жерге бараткан астероид . Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Астероид 2009-жылы 14-августта табылган. Ал "Аполлон" тобуна кирет, тагыраагы, анын учуу жолу Жердин орбитасы аркылуу өтөт. Кийинки жолу 2009 PQ1 биздин планетага 2137-жылы жакындайт.

БИШКЕК, 28-июл. — Sputnik. 5-август күнү Жерге көлөмү футбол талаасындай болгон 2009 PQ1 астероиди жакындайт. Бул тууралуу NASA уюмуна шилтеме берип РИА Новости жазды.

Маалыматка караганда, астероиддин эң жакын келген жери Ай менен Жердин ортосундагы аралыктан жети эсе чоң болот. Бул учур Бишкек убактысы менен саат 22.35ке туура келет.

Башкача сезим тартуулайт! Сыры көп куйруктуу жылдыздын он сүрөтү

Астероид 2009-жылы 14-августта табылган. Ал "Аполлон" тобуна кирет, тагыраагы, анын учуу жолу Жердин орбитасы аркылуу өтөт. Кийинки жолу 2009 PQ1 биздин планетага 2137-жылы жакындайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0