АКШда пляжды каптаган миңдеген аары. Таң калтырган видео

© Sputnik / Игорь Агеенко / Медиабанкка өтүүПасека в Амурской области
Пасека в Амурской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алгач майда жандыктар зонтторду айланып учуп, кийин столдо илинип турган сүлгүгө чогулуп алышты. Кийин аларды бал челекчи кармап кетти.

БИШКЕК, 27-июл. — Sputnik. АКШнын Нью-Жерси штатындагы Кейп Мэй пляжына миңдеген аарылар учуп келип, элди аралады. Бул тууралуу "National Geographic Россия" сайты жазып, окуянын видеосун жарыялады.

Алгач майда жандыктар зонтторду айланып учуп, кийин столдо илинип турган сүлгүгө чогулуп алышты.

Көп өтпөй ал жерде эс алып жаткан Аллен Браун аттуу жаран көп жылдан бери бал челек кармаган таанышын чакырган. Ал коргоочу костюм кийип келип, жарым саттай убакыттын ичинде аарыларды чогултуп келген.

Инфекция таратат! Үй ичиндеги чымындардын зыяны айтылды

Адистин айтымында, аларды суу жакка шамал учуруп келиши мүмкүн. Ал аарыларды өзүнүн бал челектеринин арасынан бошуна жайгаштырарын айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0