COVID: Европа кайрадан чектөөлөрдү киргизе баштады

© Sputnik / Джорди Бойшареу / Медиабанкка өтүүСитуация в Барселоне в связи с коронавирусом
Ситуация в Барселоне в связи с коронавирусом - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Испанияда карантиндик иш-чаралар токтотулганына туура бир ай болгондон кийин кайрадан чектөөлөр киргизилди. Жума күнү саламаттык сактоо министри Сальвадор Илья бир сутка ичинде 900 адам вируска чалдыкканын айтты.

БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Европанын айрым өлкөлөрү коронавирус пандемиясына байланыштуу чектөөлөрдү кайра күчөттү. Ал эми Түштүк Кореяда инфекция жугузгандардын саны өсүп бара жатат. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмуна (ДССУ) шилтеме берип ВВС жазды. https://www.bbc.com/russian/news-53537893

"Испанияда карантиндик иш-чаралар токтотулганына туура бир ай болгондон кийин кайрадан чектөөлөр киргизилди. Жума күнү саламаттык сактоо министри Сальвадор Илья бир сутка ичинде ооруга 900 адам чалдыкканын айтты", — деп жазылат кабарда.

Булардын басымдуу бөлүгү түнкү клубдарга барган жаштар жана чектөөлөр алынгандан кийин той-топур өткөрүп, достору, жакындары менен жолугушкандар экени айтылат. Андыктан көңүл ачуу борборлорунун иши жана массалык жолугушуулар кайрадан токтотулду.

Түндүк Кореяда бир адам COVID-19га шектелип, Ким Чен Ын бир шаарды жапты

Ошол эле учурда Улуу Британия жана Франция вирус күч алган өлкөдөн келген адамдарга сөзсүз түрдө ПЦР-тест тапшыруу талабын койду. Ал ортодо Түштүк Кореяда акыркы сутка ичинде 113 кишиден COVID аныкталды. Бул өлкөдө үч айдан бери мындай көрсөткүч боло элек болчу.

Эске салсак, бүгүн дүйнө жүзү боюнча коронавирус жуктургандардын саны 16 миллиондон ашты.

Жаңылыктар түрмөгү
0