Невролог стресс менен күрөшүүнүн жолдорун айтып берди

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүПразднование золотой свадьбы в семье алтайских казахов Дюсенби и Марии Кобдобаевых
Празднование золотой свадьбы в семье алтайских казахов Дюсенби и Марии Кобдобаевых - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адис жөө басуу, чуркоо сыяктуу активдүүлүк жана жакын адам менен кучакташуу дагы стресстен оңой алып чыгарын айтат.

БИШКЕК, 22-июл. — Sputnik. Азыркыдай айлананын баары негатив болуп турган маалда стресстен арылуу үчүн адам башка нерсеге алаксышы керек. Бул тууралуу Sputnik радиосуна маек берип жатып психиатр, психотерапевт жана невролог Ольга Котова айтты.

"Көпчүлүк ички сезимдерин уйгу-туйгу кылып жаткан нерсени даамдуу тамак-аш же ичимдик менен басууну туура көрөт. Ооба, булар убактылуу жардам берет. Бирок ашыкча тамак да, ичимдик да ден соолукту жабыркатып, толуп кетүүгө алып келет", — деди Котова.

Анын ордуна адис өтө кылдаттыкты, көңүл буруп убакытты талап кылган иштер менен алек болууну сунуштайт. Мындай учурда адам башка нерсеге алаксып, терс эмоциядан бир аз да болсо арылат.

Өлүп калсам баламды ким карайт?.. Пандемиядан улам паникага алдырган келиндин каты

"Мисалы, кыжырланып, эмне кыларыңды билбей турганда бөлмөгө кирип ал жактан бирдей өңдөгү буюмдарды издеп көрүү керек. Бул нерсе 5-10 гана мүнөткө созулушу мүмкүн, бирок кадимкидей эс алып каласыз. Ошондой эле майда-чүйдөсү көп атайын антистресс-оюнчуктар же шахмат дагы жакшы жардам берет", — деди дарыгер.

Мындан тышкары, адис жөө басуу, чуркоо сыяктуу автивдүүлүк жана жакын адам менен кучакташуу дагы стресстен оңой алып чыгарын айтат.

Жаңылыктар түрмөгү
0