Телефон чалган шылуундан кантип арылуу керек? Адистин кеңеши

© Sputnik / Жоомарт УраимовСлучаи телефонного терроризма в КР
Случаи телефонного терроризма в КР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адистер алдамчылык менен алектенгендердин көпчүлүгү банк, мамлекеттик орган же өнөктөш уюмдардын атынан чалып, банктык, жеке маалыматтарды тактаганга аракет жасашы мүмкүн экендигин айтат.

БИШКЕК, 18-июл. — Sputnik. Бейтааныш адам телефон чалып сүйлөшүп жаткан маалда анын алдамчылык менен алектене тургандыгын байкап калсаңыз эмне кылуу керек. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги "Санарип платформалар" уюмунун директору Арсений Щельцинге шилтеме кылып жазып чыкты.

Адистин айтымында, абонент шылуундун жаман ойлорун билип кала турган болсо, аны коркутуп укук коргоо органына кайрыла тургандыгын билдирүүcү зарыл.

"Курсак тойгузуу үчүн уюлдук телефон менен чалып же жазган шылуундан биротоло арылуу үчүн анын алдамчылык менен алектене тургандыгын аныктоо зарыл. Алар көбүнчө мамлекеттик жана бизнес кызматтар так жазылбаган тармактарда иш алып барып, көпчүлүктү кызыктырган кызматтарга аралашат", — деди эксперт.

АКШ: уурулар байлыгы менен интернетте мактанам деп колго түштү

Телефон менен алдамчылык кылгандардын көпчүлүгү банк, мамлекеттик органдардын же өнөктөш уюмдардын атынан чалып, банктык, жеке маалыматтарды тактаганга аракет жасайт.

Адистер чалган белгисиз адам менен баарлашуу маалында аны сөздөн кармап, майда-барат маалыматтарды тактаганга аракет кылуу керек экендигин айтышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0