ЕАЭБ жыйыны: COVID-19 жана башка инфекцияга каршы күрөшүү планы кабыл алынды

© Sputnik / Антон Денисов / Медиабанкка өтүүГраффити в поддержку врачей в борьбе с COVID-19
Граффити в поддержку врачей в борьбе с COVID-19 - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ЕАЭБге кирген өлкөлөрдөгү медиктер белгилүү жана жаңы чыккан жугуштуу оорулардын тарашына каршы чара көрүү боюнча окуудан өтөт.

БИШКЕК, 17-июл. — Sputnik. ЕАЭБдин өкмөттөр аралык кеңеши коронавирустун жайылышын алдын алуу максатында калктын саламаттыгын сактоо жана санитардык-эпидемиологиялык жактан камсыздоо боюнча комплекстүү план кабыл алды.

Ага ылайык, жугуштуу оорулардын таралышына каршы макулдашылган алгоритмдерди ишке ашыруу, лабораториялык изилдөөлөрдү жүргүзүүдө бирдиктүү сунуштарды иштеп чыгуу жаатында маалымат алмашуу каралган. Мындан тышкары, жугуштуу ооруларга каршы элди техникалык каражаттар, дары-дармек жана вакцина менен камсыздоо максатында бирдиктүү илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү белгиленгени айтылды.

COVID-19га каршы күрөш: Россия ЕАЭБ өлкөлөрү үчүн тажрыйбасы менен бөлүшөт

План боюнча, ЕАЭБге кирген өлкөлөрдөгү медиктер белгилүү жана жаңы чыккан жугуштуу оорулардын тарашына каршы чара көрүү боюнча окуудан өтөт.

Аталган пландын ишке ашышы менен ЕАЭБ өлкөлөрүнүн саламаттык сактоо тармагындагы COVID-19 менен эле эмес, башка да жугуштуу ооруларга каршы күрөшүүдө талап кылынган бирдиктүү системанын потенциалы бекемделет.

Ошондой эле комплекстүү планды ишке ашыруу менен эпидемиянын алдына алууга шарт түзүлмөкчү.

Жаңылыктар түрмөгү
0