Дарыгерлер "өлдү" деген ымыркай көмөрдө ыйлап жиберди. Индиядагы окуя

© Sputnik / Сергей Венявский / Медиабанкка өтүүРостовский родильный дом № 5
Ростовский родильный дом № 5 - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Төрөт кабыл алган медайым ымыркайды "чарчап калды" деп, бетин желим баштык менен жаап энесине көмүүгө берген. Медиктер күнөөсүн моюндарына алышкан эмес.

БИШКЕК, 14-июл. — Sputnik. Индиянын Раджастан штатында медиктер кокустуктан улам чарчап калды деген ымыркай көмөрдө ыйлап жиберди. Бул тууралуу Times of India басылмасына таянып РИА Новости кабарлады.

Ага ылайык, төрөт кабыл алган медайым ымыркайды "чарчап калды" деп, бетин желим баштык менен жаап энесине көмүүгө берген. Медиктер күнөөсүн моюндарына алышкан эмес.

"Туугандары аны жерге берүүгө даярданып баштаганда наристенин ыйлаган үнү угулган. Атасы дароо Тез жардам кызматын чакырган, бирок дарыгерлер бир жарым сааттан кийин келишкен. Ага чейин ымыркайдын абалы оорлоп, каза болуп калган", — деп айтылат маалыматта.

Өлүп калсам баламды ким карайт?.. Пандемиядан улам паникага алдырган келиндин каты

Бөбөктүн туугандары көңүл кош мамиле үчүн оорукана кызматкерлерин күнөөлөсө, медиктер айыпты моюндаган эмес. Алар наристенин каза болгонун тастыктаган документ бере электе ата-энеси алып кетип калганын айтышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0