Меккеге барган зыяратчыларга Кааба ташына колун тийгизүүгө тыюу салынды

© Sputnik / Михаил Воскресенский / Медиабанкка өтүүПаломники в Мекке
Паломники в Мекке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мурда ажылык сапарга барган зыяратчылар Кааба ташын жети жолу айланып, аны кармап жана өөп өтүшчү.

БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. Сауд Аравия бийлиги коронавирус кооптуулугунан улам Меккеге зыярат кылууга баргандарды ыйык Кааба ташына колун тийгизүүгө тыюу салды. Бул туурасында РИА Новости өлкөнүн Ажылык жана умра иштери боюнча министрлигине таянуу менен "Аш-Шарк аль-Аусат" гезити жазганын билдирди. 

Бул жылы ажылык сапарга баруу 28-июлдан 2-августка чейин болору айтылган.

"Каабага колун тийгизүүгө жана аны өбүүгө тыюу салынат. Ыйык ташка жакындабаш үчүн тегерек чети тосулат", — деп билдирген министрлик.

Белгилей кетсек, зыяратчылар Кааба ташын жети жолу айланып, аны кармоого жана өөп калууга аракет кылышат.

Ошто мечиттер жабылып, базарлар бир жумада эки күн тазаланат. Жаңы эрежелер

Мындан сырткары, 50 адамдан ашпаган гана зыяратчы киргизилип, алар дагы бет кап тагынып, 1,5 метрлик аралыкты сактап жрүшү керек. Ыйык Замзам булагынан чыккан суу бир жолу колдонуучу идиштерге гана куюп берилмекчи.

Буга чейин жергиликтүү бийлик Мекке жана Медина шаарларына ажылык сапарга келген чет элдик жарандарды кабыл алуудан баш тарткан. Быйыл өлкө ичиндеги мусулмандар гана сыйына алышат.

Учурда Сауд Аравиясында 217 миңден ашуун адам COVID-19га кабылып, Араб өлкөлөрүнүн ичинен биринчи орунда. Оорунун кесепетинен 2 017 адам каза болуп, 154 миң киши айыгып чыкты.

Жаңылыктар түрмөгү
0