Индия COVID жуктургандардын саны боюнча Россиядан озуп үчүнчү орунга чыкты

© REUTERS / Francis MascarenhasКоргоочу костюмдагы медик Мумбайдагы көчөдө бара жатат. Архив
Коргоочу костюмдагы медик Мумбайдагы көчөдө бара жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, COVID-19 илдетине кабылгандардын жалпы саны 697 413 адамга жеткен.

БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. Индия дүйнөдө коронавирус илдетине чалдыккандар көп катталган мамлекеттердин тизмесинде үчүнчү орунга чыкты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинин билдиргени боюнча, COVID-19га кабылгандардын жалпы саны 697 413кө жеткен. Маалыматка ылайык, акыркы үч күн удаасы менен коронавирустун 20 миңден ашык жаңы учуру катталган.

Биринчи орунда 2 миллион 982 миң 928 киши катталган АКШ мамлекети турат. Экинчиде 1 миллион 604 миң 585 бейтабы менен Бразилия өлкөсү жайгашкан. Буга чейин үчүнчү орунду Россия ээлеп келген. 5-июлдагы маалыматка ылайык, илдет жуктуруп алгандардын саны 681 251 деп катталып, Индиядан кийинки төртүнчү сапка түштү.

Коронавирусту бир нерсе ойготту! COVID-19дун чыгышы тууралуу божомол айтылды

Жонс Хопкинс университетинин акыркы маалыматтарына ылайык, жер жүзүндө коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 11 миллион 564 миң 185ке жеткен. Илдеттен 536 миң 893 адам каза болгону айтылат.

Ал эми Кыргызстанда 7 691 учурга жетти. 2 843 адам сакайып, ооруканадан чыгарылып, 92 жаран каза тапты.

Жаңылыктар түрмөгү
0