Индия: кеминде 23 киши чагылган тийип көз жумуп, дагы 29у жаракат алды

© REUTERS / Vasily FedosenkoЧагылган. Архив
Чагылган. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жабыр тарткандардын көбү талаада айыл чарба жумуштары менен жүргөн фермерлер жана кол алдындагы кызматкерлер экени айтылат. Алар көп түшүм алуу үчүн жаан-чачынга карабай ишке чыгып алып жатышат.

БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Кечээ Индиянын Уттар-Прадеш штатына катуу чагылган түшүп, кеминде 23 адам каза болуп, дагы 29у жаракат алды. Бул тууралуу NDTV каналы Өзгөчө кырдаалда жардам берүү башкармалыгына таянып жазды.

Штаттын башкы министри Йоги Адитьянатх аймактык сотторго мерт болгондордун үй-бүлөсүнө 400 миң рупий (5,36 миң доллар) өлчөмүндөгү компенсация төлөп берүүнү тапшырган. Ошондой эле бийлик өкүлдөрүнө жабыр тарткандарга тийиштүү медициналык жардам көрсөтүүнү камсыздоосун айткан.

Эскерте кетсек, жума күнү дагы Уттар-Прадештеги чагылгандын кесепетинен 15 адам көз жумган.

Казакстанда 69 жылкыга чагылган тийип, кырылып калган видео

Жабыр тарткандардын көбү талаада айыл чарба жумуштары менен жүргөн фермерлер жана алардын кол алдындагы кызматкерлери экени айтылат. Көп түшүм алуу үчүн жаан-чачынга карабай ишке чыгып жаткандар арбын.

Жаратылыш кырсыктары менен күрөшүү боюнча улуттук башкармалыктын маалыматы боюнча, май айынын ортосунан бери кеминде 253 адам чагылгандан каза таап, 49у жаракат алган. Алардын 90 пайызы Уттар-Прадеш жана Бихар штаттарында болгон.

Жыл сайын Индияда чагылгандан 2-3 миңдей адам көз жумары айтылат. Бирок быйылкы жайдагы жаан-чачын мурдагыдан көп болуп жатканы белгиленди.

Жаңылыктар түрмөгү
0