Жер бетинде коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 11 миллиондон ашты

© REUTERS / THOMAS PETERКороанвируска тест тапшыруу үчүн кезекте турган адамдар
Короанвируска тест тапшыруу үчүн кезекте турган адамдар - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган тизмеде АКШ сап башында турат. Америкада 2,7 миллион адамга вирус илешсе, 790 миң жаран айыкты. Ал эми каза болгондордун саны 129 миң 434кө жетти.

БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. Дүйнө жүзүндө коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 11 миллиондон ашты. Бул тууралуу  Жон Хопкинс атындагы изилдөө институтунун расмий сайтында жарыяланды.

Учурда COVID-19 менен жабыркагандардын саны 11 миллион 78 миң 670ке жетип, айыккандар 5 миллион 875 миң 364 чукулдап, 525 миң 191 бейтап көз жумду.

Россияда COVID-19га каршы вакцинаны сайдыргандардын абалы айтылды

Аталган тизмеде АКШ сап башында турат. Америкада 2,7 миллион адамга вирус илешсе, 790 миң жаран айыкты. Ал эми каза болгондордун саны 129 миң 434кө жетти.

Экинчи орунду ооруну 1,5 миллион тургуну жугузуп алган Бразилия алды. Анын ичинен 984 миңи айыгып, 61 миң адам көз жумду. Үчүнчү орунда коронавируска кабылган 666 миң адамы менен Россия турат. РФте 437 миң бейтап айыгып, 9000 адам мерт болду.

Кыргызстандагы коронавирус боюнча кырдаал

Өлкө боюнча COVID илештирип алгандардын жалпы саны 7094. Анын 2714ү айыгып, тилекке каршы, 78 киши көз жумду. Коронавирустун кесепетинен келип чыккан пневмония оорусуна март айынан бери 3009 адам чалдыкты. Бүгүнкү күндө анын 736сы айыгып чыкты. Ал эми 496 адамдын абалы оор, 153 бейтап жандандыруу бөлүмүндө жатат.

Кырдаал оор экен. Россиялык эксперттер ооруканаларга барып, КРдеги абалга баа берди

Өлкө аймагындагы соңку кабарлар менен биздин Telegram-каналдан таанышып туруңуз.

 

Жаңылыктар түрмөгү
0