Экологияга өтө чоң коркунуч жараткан 5 кроссовер тизмектелди

© Sputnik / Виталий Белоусов / Медиабанкка өтүүMercedes-Benz AMG автоунаасы. Архив
Mercedes-Benz AMG автоунаасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Рейтинг жүргүзгөндөр унаалардын жол жүргөндө айлана-чөйрөгө зыян делген көмүр кычкыл газын канча көлөмдө бөлүп чыга турганына кызыгышкан.

БИШКЕК, 3-июл. — Sputnik. Бельгиядагы Deutsche Umwelthilfe (DUH) экологиялык уюму моторунун иштеши жаратылышка терс таасирин тийгизген унааларды тизмектеди. Уюм жыл сайын экологияга коркунуч туудурган товарлар тууралуу маалымат берерин "Известия" жазды.

Ага ылайык, рейтингдин сап башында Mercedes-Benz GLS 63 AMG 4 Matic үлгүсүндөгү автокөлүк турат. Ал бир чакырымда 460 грамм көмүр кычкыл газын (СО2) бөлүп чыгарса, 100 чакырым аралыкта 19,3 литр бензин сарптайт.

Экинчи орунда Range Rover Sport SVR турат. Абага бир чакырымда 390 грамм көмүр кычкыл газын бөлөт. Үчүнчү орунду 357 грамм CO2 чыгарган BMW X7 M50i ээлеген.

Төртүнчүгө Audi Q7 жайгашкан. Ал экологиялык жактан таза автоунааларга киргени менен бир чакырымда 302 грамм көмүр кычкыл газын бөлөт.

Россиянын былтыркы мыкты 10 кроссовери тизмектелди

Рейтингди Volkswagen Amarok Aventura автокөлүгү жыйынтыктаган. Анын мотору экологиялык стандартка туура келбегендиктин көмүр кычкыл газын бир чакырымда 276 грамм чыгара турганы айтылды.

Буга чейин эксперттер унааны айдай каччулар кантип даярдана турганын айтып, сактануу үчүн кеңештерди берген.

Жаңылыктар түрмөгү
0