ДССУ жаңы вирус тууралуу айткан кытайлык окумуштууларга жооп берди

© Sputnik / Алексей Витвицкий / Медиабанкка өтүүДүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунунун имараты. Архив
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунунун имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин кытайлык изилдөөчүлөр чочко тумоосунун белгисиз штаммын таап чыкканын кабарлап, ал тумоо жаңы пандемияны шартташы мүмкүн экендигин айтышкан.

БИШКЕК, 2-июл. — Sputnik. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коркунуч жаратып пандемияга алып келет делген чочко тумоосунун канчалык деңгээлде кооптуу экендигин айтты. Жума башында ал тумоо боюнча кытайлык окумуштуулар билдирүү тараткан.

Женевадагы брифингде ДССУнун саламаттык сактоодогу өзгөчө кырдаалдар боюнча программасынын директору Майкл Райан ал вирус жаңы эместигин жана чочко тумоосунун башка түрү экендигин билдирди.

"Азыр элди тынчтандыруу керек. Ал жаңы вирус эмес, толугу менен биздин көзөмөлдө турат. Ага байкоо салып турабыз", — деп ишендирди Райан.

Пульмонолог Сооронбаев: 30 жыл иштеп мындай пневмонияны көргөн эмесмин

Анын айтымында, кытайлык адистер кабарлаган чочко тумоосу 2016-жылдагы белгилүү евразиялык чочко тумоонун штаммы жана куш тумоосуна окшош.

Бирок ага карабай эл аралык уюм абалды андан ары изилдөө үчүн Кытай тарап менен кызматташууга үмүт артууда. Буга чейин кытайлык изилдөөчүлөр чочко тумоосунун белгисиз штаммын таап чыкканын кабарлап, ал тумоо жаңы пандемияны шартташы мүмкүн экендигин айтышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0