Россияны дүйнөгө жаман көрсөткүсү келгендер "кой терисин" жамынганбы?..

© Sputnik / Владимир Сергеев / Медиабанкка өтүүКремльдин "Спасский" мунарасы
Кремльдин Спасский мунарасы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Америкадагы президенттик шайлоо алдында антироссиялык дүрбөлөңдү козгоо боюнча кезектеги аракет эми океан ар жагындагы абдан таасирдүү The New York Times басылмасы аркылуу жасалды.

Дал ушул басылма аркылуу Дональд Трампты дискредитациялоону көздөп, бирок Россияга адатынча асылуу жана кезектеги санкцияны киргизүүгө далалат жасалды деген ойдо саясий баяндамачы Иван Данилов.

Бул жолу шылтоо өтө өзгөчө тандалган. Америкалык чалгындоодогу жеке булактарга таянуу менен: "Россия америкалык аскер кызматкерлерин жок кылуу үчүн афган согушкерлерине тымызын түрдө сыйлык белгилеген. Чалгындоо кызматынын үрөй учурган тыянактарын эмне кыларын билбей Трамптын администрациясы айлар бою ойлонду" деп айтылат.

АКШнын Кытайга карата кытмыр планы: пандемиядан улам ачылган көшөгөлөр

The New York Times басылмасына ишенген кишинин үрөйү учат. Дүйнөнүн мындай картинасында Россия Афганистандагы америкалык жоокерлердин сөөгүн топтоочу катары көрүнөт. Макала афган согушкерлери өлтүргөн америкалык аскерлерди кандуу рублге алмаштырат имиш жана булардын баарына Трамптын администрациясы эч кандай чара көрбөйт деген тейде жазылган.

Өзүн дүйнөнүн дөө-шаасы санаган өлкөнүн жарандары Американын эң абройлуу басылмасынан мындай макаланы окуганда кандай сезимдерге тушугарын элестетүү да коркунучтуу. Мындай үзүндүлөр да камтылат: "Аткаминерлер маалымдагандай, чалгындоочу кызматтардын бүтүмдөрү жөнүндөгү маалыматтар президент Трампка жеткирилген. Улуттук коопсуздук кеңеши марттын аягында мекемелер аралык кеңешмеде бул көйгөйдү талкуулаган.

Аткаминерлер болжолдуу варианттардын тизмесин Москвага берчү дипломатиялык нааразылыгын берүүдөн тарта улам күчөгөн санкциялар жана жооп катары жасалчу аракеттерге дейре болжолдуу варианттардын тизмесин иштеп чыгышкан. Бирок Ак үй али кайсы бир кадамды жактыра электигин айтышат аткаминерлер. Америкалык жана НАТОнун башка аскер кызматкерлерин өлтүрүүгө шыкактоо операциясы америкалык жана афган расмий бийликтери атап жаткандай Россия тарабынан "Талибан" кыймылына колдоонун эскалациясы болуп саналат. РФтин тыңчылык бөлүгүнүн батыш күчтөрүнө чабуул уюштурганы жөнүндө биринчи ирет анык болуп жатат".

Бул айыптоолордон бир катар бүтүмдөрдү чыгарууга болот: 1990 жана 2000-жылдары миңдеген россиялык жаранды набыт кылган террористтерге көрсөтүлгөн медиалык, логистикалык, дипломатиялык жана маалыматтык колдоодон кийин иш жүзүндө бөтөн аймакты оккупацияланган аскерлерге карата күч колдонулган күндө да АКШ даттанууга эч кандай моралдык укугу болмок эмес. Анан калса, Россиянын дарегине тагылган айыптоолордун далилдери адатынча жокко эсе.

Батышта "расисттердин гезитин" жабууну талап кылышууда. Россияга коюлган кине

Айрыкча, нью-йорктук журналисттер кайдыгер карабаган америкалык коомдун орустарды жактырбаган жана империялык режимди жактаган бөлүгү чечилбеген террордук көйгөй болуп келе жаткан бүгүнкү Афганистандын түздөн-түз түзүүчү болуп эсептелет.

Афгандык, афгандык эле эмес көпчүлүк террордук кыймылдардын америкалык адистер тарабынан, болгондо да америкалык акчага жана америкалык курал-жарак менен түзүлгөнү тастыкталган. 2001-жылга чейинки окуяларга чейин Бен Ладен мырза да америкалык маалымат каражаттарынын жана саясатчылардын сүймөнчүгү болуп келгенин эске сала кетели.

АКШ адегенде жарандык согуш, массалык киши өлтүрүү жана ар кандай өлкөлөрдө террорчулуктун гүлдөшүнө шарт жаратат да, качан гана бул аракеттердин күтүлбөгөн кесепеттери америкалык аскерлердин өлүмүнө жана эл аралык аренада Кошмо штаттардын маскара болушуна алып келе баштаганда (жакында эле АКШ талибдер менен келишим түзүп, иш жүзүндө Афганистанда өз баркын кетирди) дароо америкалык медиалык-аскердик комплекстин оозу менен Россияны айыптап, бул державага каршы санкцияларды киргизүү керектигин жаңырта баштайт.

Бирок жакшы жаңылыктар да жок эмес. Мурда NYT же The Washington Post өңдүү басылмаларда байма-бай чыгып турган америкалык күч органдарынан "агылган" маалыматтарга коомдуyн ишеними ушунчалык күчтүү болчу, жарыяланар замат Трамптын администрациясын "төлөп жана өкүнүүгө", коомчулуктун алдында өзүн актоо үчүн Россияга каршы кезектеги санкцияларды тезинен киргизүүгө мажбурлаган. Ал эми азыр жагдай таптакыр башка.

"От менен ойногондой". НАТО эмнеге Россиянын чек арасында машыгат?

"Рашагейт" жана таптакыр жалган айыптоолор, антироссиялык жасалма компроматтар камтылган досьелердин аягы түгөнбөгөн жылдардан акыры "майнап" чыкты көрүнөт, америкалык коомдун барктуу сегменти эбак өз маалымат каражаттарына ишенбей, эң беделдүү медиаларды жана алардын булактарын жалганчылыкка түз айыптоо менен гана чектелбестен, бул бааларга ылайык аракет кыла баштады.

Президент Дональд Трамп твиттер аркылуу бул кинелерге мындайча жооп берди: "The New York Times жалган маалыматтарынын "анонимдик" булактарын ачыктоого тийиш. Ачыктай алышпасын бөркүңүздөй көрүңүз, андай "киши" жок болушу толук ыктымал".

АКШнын Улуттук чалгындоо кызматынын директорунун милдетин аткаруучу Ричард Гренелл социалдык медиада Демократиялык партиядан шайланган конгрессмен менен бул боюнча айтыша да кетти. Аны чалгындоодон алынган маалыматтарды саясий максатта пайдаланууга айыптады: "Бул туурасында эч качан уккан эмесмин. Чалгынды саясатташтырууну улантып жатканыңыз ирээнжитет. Чалгындан алынган чийки маалымат кантип текшерилерин түшүнбөгөнүңүз даана байкалып турат. Журналисттерге маалыматтардын анонимдик булактардан жең ичинен берилиши кооптуу, себеби сиз сымал адамдар аны саясий кызыкчылыктары үчүн пайдаланышат".

The New York Times гезитинин бул макаласындагы президент Трамптын аракеттерине тиешелүү бөлүгүн америкалык чалгындоо кызматы да расмий түрдө төгүндөдү. Теория жүзүндө баары ушундай иштөөгө тийиш, бирок мындай элестүү нормалдуулук да азыркы Американын ченемдери боюнча чыныгы керемет.

Айтмакчы, эгер америкалык журналисттер америкалык күч органдардын кызматкерлеринин өлүмүнө чыныгы шыкактоочуларды көргүсү келсе, анда күзгүгө карануулары зарыл. Шейит кеткендердин сөөгү үчүн сыйлык дайым эле материалдык түрдө эмес, тажрыйба көрсөткөндөй атак-даңкка же коомдук кубаттоого ээ болуу олчойгон суммадагы акчага караганда терроризмдин алда канча натыйжалуу өбөлгөсү болуп саналат.

Америкалык полицияны, консервативдик баалуулуктарды жактоочулар жана "трампчыларды" элге желмогуз, адамгерчиликсиз көрсөтүп жаткан The New York Times жана башка америкалык маалымат каражаттары иш жүзүндө буларга карата эмоционалдык, психологиялык, ал түгүл күч колдонуу менен зордук-зомбулук көрсөткөндөргө "эмоционалдык сыйлык" сымал нерсени убада кылууда.

Россияны Батыш капканына түшүрүү аракети жасалып жатабы? Саресеп

Жакындагы эле массалык башаламандыктарда өлтүрүлгөн америкалык полиция кызматкерлеринин каны бул окуяларга шыкактоочу жана жактоочулар катары шугулданган дээрлик бардык америкалык медианын, анын ичинде либералдык жана прогрессивдүү америкалык журналисттердин колунда.

Бирок америкалык полиция кызматкерлеринин өмүрү мындай журналисттерге эч кандай мааниге ээ эмес. Алар шейит болгон америкалык жоокерлерди эл көзүнө жоктоп ыйлаганынын аркасында саясат бар. Мындай аракет кырдаалды антироссиялык санкциялар же Демократиялык партиянын кызыкчылыктарын жылдырууга пайдалануу мүмкүн болгондо гана жасалат.

Бул өңдүү медиа булактарына жарыяланган ар бир сөзгө ынангысы келгендердин саны АКШда да, дүйнөдө да азайып баратканы ажеп эмес. Америкалык таасир жана анын "улуулугуна" каршы иш The New York Times редакциясынын катышуусу менен башталганы анык. Бул үчүн сый акы сунуштоого да болмоктур, бирок алар бул милдетти акысыз аткарууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0