КМШ өлкөлөрүнүн биринчи спорттук турнирин сентябрда өткөрүү пландалууда

© Sputnik / Кирилл Каллиников / Медиабанкка өтүүБассейнде спортчулар сүзүү тренировка учурунда
Бассейнде спортчулар сүзүү тренировка учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алгачкы ирет уюштурулуп жаткан турнирге 11 өлкөдөн барган делегациянын спорттун 21 түрү боюнча ат салыша турганы айтылат.

БИШКЕК, 29-июн. — Sputnik. Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигине (КМШ) кирген өлкөлөрдүн биринчи спорттук оюндарын Казань шаарында 4-11-сентябрь күндөрү өткөрүү болжолдонууда. Бул тууралуу Казакстандын Олимпиада комитети маалымдайт. 

Түркия Көчмөндөр оюндарын быйыл өткөрбөй турган болду

Азырынча бул болжолдуу дата катары каралып жатат, учурда так мөөнөтүн белгилөө боюнча Россия менен макулдашылып жатканы айтылган.  Буга чейин аталган мелдешти августта өткөрүү пландалган, бирок коронавирус кооптуулугунан улам кийинкиге жылдырылган.

Бул оюндарда 23 жашка чейинки спортчулар күч сынашат. Ага КМШга мүчө 11 өлкө — Кыргызстан, Азербайжан, Армения, Белоруссия, Молдова, Казакстан,Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан, Украина жана Россия катышат.

Спортчуларды саргайтып... Токиодо өтчү Олимпиада дагы жылышы мүмкүн

Бул турнирдин катышуучулары спорттун 21 түрү боюнча ат салыша турганы айтылат.

Алар — кол күрөш, бадминтон, баскетбол, бокс, бел боо күрөшүү, күрөш, суу полосу, кум үстүндөгү волейбол, эркин күрөш, грек-рим күрөшү, гиря көтөрүү, дзюдо, каратэ, таяк тартыш, стол тенниси, сууда сүзүү, самбо, тай боксу, бий спорту, фехтование, футзал, көркөм гимнастика, шахмат.

Жаңылыктар түрмөгү
0