Голливуд коронавирустун башталышы тууралуу тасма тартууга бел байлады

© REUTERS / StringerРаспространение коронавируса нового типа в Китае
Распространение коронавируса нового типа в Китае - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаңы тасманын сценарийин "Оскар" сыйлыгынын ээси Чарльз Рэндольф жазышы ыктымал. Ал кинофильм пандемия тууралуу триллер эмес, медициналык драма болорун айткан.

БИШКЕК, 27-июн. — Sputnik. Голливуддун SK Global Entertainment компаниясы коронавирустун Кытайда жаңы чыккан учуру жана белгисиз вирус менен күрөшкөн дарыгерлердин жумушу тууралуу жаңы тасма тартуу боюнча иштерин баштады. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Ага ылайык, жаңы тасманын сценарийин "Оскар" сыйлыгынын ээси Чарльз Рэндольф жазышы ыктымал. Ал кинофильм пандемия тууралуу триллер эмес, медициналык драма болорун айткан.

Кытайдын алдыңкы эпидемиологу COVID пандемиясы качан бүтөрүн божомолдоду

Кино жаратуучулар тасма тартуу иштерин 2021-жылдын башында Кытайда баштайбыз деп үмүттөнүп жатышканын айтты. Бирок ал үчүн бийликтин уруксатын алыш керек.

"Биз пандемия саясатка байланыштуу экенин билебиз. Бирок тасма тартууга аракет кылышыбыз керек", — деген SK Global Entertainment компаниясынын жетекчилеринин бири.

Кинокартинаны тартуу иштерине канча акча сарпталарын компания азырынча айта элек.

Коронавирус тууралуу

2019-жылдын декабрь айынын аягында Кытайдын Ухань шаарында белгисиз өпкө оорусу жайылып баратканы байкалган. Оору деңиз азыктарын саткан базардан тараган. Адистер дарттын козгогучу коронавирустун 2019-nCoV деп аталган жаңы тиби экендигин боолголошкон. 11-март күнү Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавирус боюнча дүйнөдө пандемия жарыялаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0