Таң калычтуу! Индияда ичи ооруп, дарыгерге кайрылган аял эркек болуп чыкты

© AFP / NARINDER NANUСитуация в Индии и-за пандемии коронавируса
Ситуация в Индии и-за пандемии коронавируса - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мындай учур сейрек кездешип, ал Моррис синдрому деп аталат. Бул ооруга кабылган адам сыртынан аялдай көрүнгөнү менен генетикалык жактан эркек болуп эсептелет.

БИШКЕК, 27-июн. — Sputnik. Индияда төрөй албай жүргөн аял эркек болуп чыкты. Бул тууралуу "Известия" PTI басылмасына таянып кабарлады.

Билдирмеге ылайык, Калькутта шаарынын тургуну ичи ооруп жатканын айтып дарыгерлерге кайрылган. Анын турмушка чыкканына тогуз жыл болгон.

Текшерүү учурунда дарыгерлер бейтаптын жумурткасы жок экенин аныкташкан. Ошондой эле жыныстык хромосомасы XY экенин көрүшкөн. Ал эми мындай хромосома эркектерде гана болот.

Уролог: аз кыймылдаган эркек тукумсуз болуп калышы мүмкүн

Онколог Анупам Дутта кайрылган келиндин сырткы келбети кадимки аялдыкындай экенин билдирген.

"Үнү, төшү, жыныс мүчөлөрү — мунун баары анын аял экенин көрсөтүп турат", — деген онколог.

Дарыгерге кайрылган келин буга чейин бир да жолу этек кири келбегенин айтып, бирок ага маани бербей жүрө бергенин мойнуна алган.

"Келиндин ичи шишик бар үчүн ооруткан. Бул кабарды күйөөсү экөө тең оор кабыл алды", — деп айтылат маалыматта.

Медиктердин айтымында, мындай учур сейрек кездешип, ал Моррис синдрому деп аталат. Бул ооруга кабылган адам сыртынан аялдай көрүнгөнү менен генетикалык жактан эркек болуп эсептелет.

 

Жаңылыктар түрмөгү
0