Европада COVID көбөйүп, эпидемия коркунучунда. ДССУ коңгуроо кагып жатат

© AFP / Wojtek RadwanskiЖители Варшавы на берегу реки Вислы в Польше
Жители Варшавы на берегу реки Вислы в Польше  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Уюмдун айтымында, акыркы эки жумада 30 мамлекеттте COVID-19дун өсүү динамикасы байкалган. Анын 11инде эпидемия кайрадан болуп кетиши ыктымал.

БИШКЕК, 26-июн. — Sputnik. Европада соңку жумалардан тарта бир нече айдан бери азайып калган коронавирус кайрадан көбөйө баштады. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Европа аймактык бюросунун директору Ханс Клюге билдиргенин РИА Новости жазды.

Анын айтымында, акыркы эки жумада 30 мамлекеттте COVID-19дун өсүү динамикасы байкалган. Анын 11инде вирустун тездик менен жайылышы кайрадан эпидемияга алып келиши мүмкүн.

Кытайдын алдыңкы эпидемиологу COVID пандемиясы качан бүтөрүн божомолдоду

Уюмдун өкүлү белгилегендей, эгер бул процессти убагында токтотпосо, Европа өлкөлөрүнүн саламаттык сактоо системасын дагы туңгуюкка кептейт.

"Буга чейин эле оорунун кайрадан тутанып кетүү коркунучу бар экендигин айткам. Анткени мамлекеттер мурда киргизилген чектөөлөрдү алып салган болчу. Азыр Европанын айрым жерлеринде эмитеден эле абал курчуп бараткандай", — деген Крюге.

Симптомсуз ооругандар вирусту башкага жуктурбайбы? ДССУ оозунан жаңылды

Ал Польша, Германия, Испания жана Израиль бийлиги вирустун жаңы чыккан учурлары менен күрөшүүнү тез арада колго ала алганын кошумчалаган. Азыр европалыктар социалдык аралыкты сактап, бет кап кийүү сыяктуу эрежелерди сактоодо жоопкерчилик менен мамиле жасай башташты.

Ушул тапта дүйнө боюнча вирус жуктургандардын саны 9 586 769га жетип, анын 488 824ү каза тапты.

Жаңылыктар түрмөгү
0