Күнгө туура жана текши күйүүгө тамак-аш да таасир этет

© AFP / ANDREAS SOLARO Частный пляж в Лидо-ди-Остия под Римом
Частный пляж в Лидо-ди-Остия под Римом - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дерматологдун айтымында, пляждын сезонуна бир ай калганда курамында аминокислота жана пайдалуу майлары бар азыктарды жеш керек. Алар терини ашыкча күйүп калуудан сактап, кургатпайт.

БИШКЕК, 25-июн. — Sputnik. Терини текши жана туура күйгүзүү үчүн ичкен тамак-ашка дагы көңүл буруу керек. Бул тууралуу дерматолог Юлия Галлямова айтып бергенин "Известия" жазды. 

Адистин айтымында, пляждын сезонуна бир ай калганда курамында аминокислота жана пайдалуу майлары бар азыктарды жеш керек. Алар терини ашыкча күйүп калуудан сактап, кургатпайт.

"Мындай азыктарга авокадо, зайтун жана зыгыр майы, ошондой эле омега-3 камтылган кызыл балык кирет. Терини бат карытып жибербөө үчүн жашыл смузи ичип, С менен Е витаминдерин колдонууну сунуштайм. Ал эми теринин түсү жакшы болушу үчүн бета-каротинге бай сабизди жеп туруңуз. Денени кургатпоо үчүн тамак-аштан сырткары атайын кремдерге же денеге сүйкөгөн майларга көңүл буруңуз", — деген адис.

Дерматолог күнгө күйүү процессинде дагы териге кам көрүүнү улантууну кошумчалаган. Ал белгилегендей, деңиз суусу менен ысык аба ырайы терини тез эле кургатып жиберет. Ошондуктан эшикке чыгарга 15-20 мүнөт калганда жана суудан чыкканда денеге крем сүйкөө керек.

Жаңылыктар түрмөгү
0