COVID боюнча сүйлөшүп бараткан. Пакистанда кулаган учактын болжолдуу себеби

© REUTERS / AKHTAR SOOMROПакистандын Карачи шаарында кулаган  учак
Пакистандын Карачи шаарында кулаган  учак - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Airbus A320 учагы Лахор калаасынан Карачиге учуп баратып аэропортко жакын жерден кулаган. Борттогу 99 адамдын экөө аман калган.

БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. Пакистандын Карачи шаарында кулаган учактын пилоттору протоколду бузган жана коронавирус боюнча сүйлөшүп баратып алаксып кетишкен. Бул тууралуу РИА Новости Пакистандын авиация министри Гулам Сарвар Хандын кырсыктын себебин иликтеген болжолдуу докладына таянуу менен билдирди.

Карачи шаарында кулаган учактын орду - Sputnik Кыргызстан
Алоолонгон от, ызы-чуу. Пакистандагы учак кырсыгынан аман калган адамдын баяны
Эске салсак, 22-майда "Пакистандын эл аралык аба каттамдарынын" Airbus A320 учагы Лахор калаасынан Карачи шаарына учуп баратып аэропортко жакын жерден кулаган. Бортто 99 адам болгон, алардын 97си набыт болуп, эки жүргүнчү аман калган. Учак кыйраган жерде жашаган тургундар дагы жаракат алып, бир кыз ооруканада каза болгон.

Алдын ала чыгарылган отчётко ылайык, техникалык мүчүлүштүк кеткен эмес. Жерге биринчи конгондо учактын шассиси чыгарылбай жерге үч жолу урунуп, кыймылдаткычына залакасын тийгизген.

"Учкучтар да, диспетчерлер да протоколду сактаган эмес. Учкуч авиадиспетчердин айткандарын кабыл албай койгон, ал эми алар учкучка кыймылдаткычы жерге урунганын айткан эмес. Эки пилот тең алардын үй-бүлөсүн азапка салган коронавирус боюнча сүйлөшүп баратып конууга жакшы даярдык көргөн эмес, мунун кесепети адам өмүрүн алган трагедияга алып келди", — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле министр борт коштоочулар жана авиадиспетчерлер да жоопкерчиликке тартыла турганын белгилеген.

Ал эми трагедиянын келип чыгышы боюнча иликтөөнүн толук жыйынтыгы бир жылдан кийин чыгарын айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0