2020-жыл тарыхтагы эң аптаптуу беш жылдын катарына кирери айтылды

© AFP / ROBERTO SCHMIDTАномальная жара в Индии
Аномальная жара в Индии - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адистердин талдоосу учурдагы аномалдуу ысык аба ырайына жана температура кескин ысыган жылдардагы көрсөткүчтөргө негизделген.

БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. Бүткүл дүйнөлүк метеорологиялык уюму (БДМУ) 2020-жыл тарыхтагы өтө ысык алдынкы беш жылдын катарына кирерин болжолдоп жатышат.

Адистердин талдоосу учурдагы аба ырайына жана температура кескин көтөрүлгөн жылдардагы көрсөткүчтөргө негизделген. Аптаптын узак убакытка созулушуна ысыкты сактоочу парник газдарынын атмосферада кармалып турушу себеп болгонун изилдөөлөрдүн жыйынтыгы ырастаган.

"Европа жана америкалык маалымат базаларындагы көрсөткүчтөргө ылайык, май айы аба ырайына байкоо жүргүзүлгөндөн берки эң ысык мезгил болду. 2020-жыл аптаптуу ысык катталган алдынкы беш же он жылдын катарына кирет деп ишенимдүү айтууга болот", — деп айтылат БДМУнун маалыматында.

Бүгүнкү күндө тарыхтагы эң ысык деп 2016-жыл саналат. Бирок буга жылытуучу касиети менен белгилүү "Эль-Ниньо" табигый феномени себеп болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0