Америкада Экинчи дүйнөлүк согушта Россия АКШ менен каршылашкан дегендер бар

© Sputnik / Georgiy Petrusov / Медиабанкка өтүүБерлиндеги Темпелхоф аэродромунда Союздаш командирлигинин өкүлдөрү, 1945-жыл
Берлиндеги Темпелхоф аэродромунда Союздаш командирлигинин өкүлдөрү, 1945-жыл - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сурамжылоо АКШда Sputnik News үчүн франциялык IFop социологиялык компаниясы тарабынан 2020-жылдын 22-25-май күндөрү жүргүзүлгөн. Ага 18 жаштан жогору 1004 адам катышты.

БИШКЕК, 22-июн. — Sputnik. Ар бир онунчу америкалык (11 пайыз) Экинчи дүйнөлүк согушта АКШнын душманы Россия болгон деп эсептейт. Бул тууралуу "Sputnik.Мнения" долбоорунун алкагында жүргүзүлгөн сурамжылоодо маалым болду.

© © Sputnik"Sputnik.Мнения" сурамжылоонун натыйжалары
Америкада Экинчи дүйнөлүк согушта Россия АКШ менен каршылашкан дегендер бар - Sputnik Кыргызстан
"Sputnik.Мнения" сурамжылоонун натыйжалары

Туура жоопту Америка 1941-45-жылдары Германия жана Япония менен согушкан деп суралгандардын 77 жана 67 пайызы атады. Беш пайызы АКШ Кытай менен салгылашкан деп ойлойт экен.

Россиянын президенти Владимир Путин. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Улуу Жеңишке 75 жыл: тарых жана келечек алдындагы жалпы милдет". Путиндин макаласы
Сурамжылангандардын 69 пайызы Америка Кошмо Штаттарында 8-май күнү Европадагы (V-E Day) жеңиш күнү белгиленет деп эсептесе, 27 пайызы "балким" деп жооп беришкен.

Холокост түшүнүгү Экинчи дүйнөлүк согушта еврейлерди кыруу дегенди билдирет деп 63 пайызы жооп берди. 12 пайызы бул сөз тууралуу таптакыр түшүнүгү жок экенин айткан.

Сурамжылоо АКШда Sputnik News үчүн франциялык IFop социологиялык компаниясы тарабынан 2020-жылдын 22-25-май күндөрү жүргүзүлгөн. Ага 18 жаштан жогору 1004 адам катышты.

Здание Рейхстаг в котором находится парламент Бундестаг Германии. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Согуш тарыхынын кайра жазылышына Германия эмне үчүн каршы? Саресеп
Sputnik эл аралык маалымат агенттиги — дүйнөдөгү ири ЖМКлардын бири. Агенттик 90дон ашык шаарда иштеп, 33 тилде маалымат таратат. Токиодон Монтевидеого чейинки аймактагы редакциялар жана маалымат борборлору жаңылыктарды күнү-түнү жазып турат. Sputnik агенттигинин маалымат ресурстары боюнча аудиториясы айына 80 миллионду түзөт. Вэйбо соцтармагындагы Sputnik China аккаунтунун катталуучуларынын саны 10,5 миллиондон ашат. Sputnik — "Россия сегодня" медиатобуна кирет. Башкы кеңсеси Москва шаарында. Бишкектен Кишинёвго чейин, Пекинден Монтевидеого чейин кулач жайган 24 редакциялык борборлордо ондогон улуттагы миңден ашуун киши иштейт.

"Sputnik.Мнения" эл аралык долбоору 2015-жылдын январь айында старт алган. Анын алкагында Европа жана АКШ өлкөлөрүнүн тургундарына социалдык жана саясий маселелер боюнча үзгүлтүксүз суроолор берилип турат. Долбоордун өнөктөштөрү — Populus, IFop жана orsa аттуу эл аралык белгилүү иликтөө компаниялары.

Жаңылыктар түрмөгү
0