Facebook Дональд Трамптын постун автордук укукту бузду деп өчүрүп салды

© AP Photo / Patrick SemanskyАКШ президенти Дональд Трамп. Архив
АКШ президенти Дональд Трамп. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин АКШда полиция ок чыгарган соң эки афроамерикалык каза болуп, учурда абал чыңалып турган учур. Мындан улам Facebook социалдык тармагы расалар арасындагы тең укуктуулук саясатын күчөткөн.

БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. Facebook социалдык тармагы АКШ президенти Дональд Трамптын ак жана афроамерикалык балдар бирге тартылган видеоролигин өчүрүп салды. Буга башка бирөөнүн автордук укугу бузулгандыгы тууралуу даттануусу себеп болгонун компаниянын жетекчилигине шилтеме берип "Известия" басылмасы жазды.

Буга чейин президент өзүнүн Twitter жана Facebook тармактарындагы баракчаларына CNN телеканалынын трансляциясынын үзүндүсү катары көрсөтүлгөн видеону жарыялаган. Анда афроамерикалык бөбөк ак жүздүү баладан качып бара жатканын көрүүгө болот. Алдында "корккон бөбөк расист баладан качууда" деп жазылган.

Ал эми журналисттер видео CNN каналыныкы делген фейк титрлар менен монтаждалганын айтып чыгышкан.

АКШдагы башамаландык

Социальная сеть Facebook - Sputnik Кыргызстан
Facebook колдонуучулары эми саясий жарнамаларды көрбөй коё алат
Эске салсак, 46 жаштагы афроамерикалык Жорж Флойд майдын аягында Миннеаполисте полиция кармап күч колдонгондон кийин көз жумган. Анын өлүмү элдин жаалын кайнатып, АКШда эле эмес, башка жерлерде да нааразылык толкундарын жаратты. Ал эми Американын бир нече шаарында башаламандык болуп, талап-тоноо күч алган.

Көп өтпөй Атланта шаарында полиция кызматкери 27 жаштагы афроамерикалык Рэйшард Бруксту атып, ал ооруканада көз жумган. Ага полиция тез татым жайынын алдындагы орунду ээлеп, автокөлүктө уктуп жатканда барган. Тартип сакчысы анын мас экенин көрүп, кармап кетүүгө аракет кылган. Ошол маалда ал укук коргоочулардын биринин электрошокерин жула качкан. Полиция Бруксту көздөй ок чыгарып, ал ооруканада көз жумган. Бул окуядан кийин Атлантанын полиция жетекчиси Эрика Шилдс отставкага кеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0