Facebook колдонуучулары эми саясий жарнамаларды көрбөй коё алат

© REUTERS / Dado RuvicСоциальная сеть Facebook
Социальная сеть Facebook - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Компания АКШ президентин шайлоо боюнча өз жарандарына туура маалымат берип туруу максатында атайын маалыматтык борбор ачканы жатат.

БИШКЕК, 18-июн. — Sputnik. Facebook компаниясынын жетекчилиги социалдык тармакка саясий жарнамаларды өчүрүп салуу функциясын кошту. Бул тууралуу корпорациянын негиздөөчүсү Марк Цукербергге шилтеме берип USA Today жазды.

Ошондой эле Цукерберг элге алдыдагы шайлоо тууралуу маалымат берүү боюнча кампания баштаганын айтты.

"АКШнын тарыхында мындай ири кампания биринчи жолу өтүп жатат. Майда маалыматтык борбор иштейт. Ал шайлоочуларга пандемия шартында кайсы жерлерден добуш берүүгө болору, алдын ала же почта аркылуу добуш берүү тууралуу так маалымат берет", — деди Facebook жетекчиси.

Социальная сеть Фейсбук - Sputnik Кыргызстан
АКШ соту Facebook компаниясын 5 млрд доллар айыпка жыкты. Себеби
Ал эми саясий үгүт жана чакырыктардан тажагандар өз баракчасында саясий жарнамаларды таптакыр өчүрүп салуу функциясын колдонсо болот.

Маалымат борбордун кабарлары Facebook жана Instagram тармактарынын жаңылыктар түрмөгүнүн үстүңкү тарабында жарыяланып турмакчы.

Эске салсак, АКШда президенттик шайлоо ушул жылдын ноябрь айына белгиленген.

Жаңылыктар түрмөгү
0