АКШ: экинчи афроамерикалыкты аткан полиция өлүм жазасына тартылышы мүмкүн

© REUTERS / HandoutУбийство афроамериканца Рэйшарда Брукса
Убийство афроамериканца Рэйшарда Брукса - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өткөн аптада АКШнын Атланта шаарында полиция кызматкери 27 жаштагы афроамерикалык Рэйшард Бруксту атып, ал ооруканада көз жумган.

БИШКЕК, 18-июн. — Sputnik. АКШнын Атланта шаарында экинчи афроамерикалык Рэйшард Бруксту атып өлтүрүп алган полиция кызматкери Гарретт Рольф өмүр бою эркинен ажырап же өлүм жазасына тартылышы мүмкүн. Бул тууралуу аймак прокурору Фултон Пол Ховардга шилтеме берип РИА Новости жазды.

"Брукстун өлүмүнөн кийин жумуштан кетирилген полиция кызматкерине 11 айып коюлуп жатат. Алардын негизгиси өтө оор кылмыш болуп эсептелген адам өлтүрүү. Бул үчүн жазалануучу өмүр бою эркинен ажырайт же өлүм жазасына тартылат", — деди прокурор.

АКШнын полиция кызматкерлери - Sputnik Кыргызстан
АКШ: полиция дагы бир афроамерикалыкты өлтүрүп алды. Качып баратканда аткан видео
Эске салсак, АКШнын Атланта шаарында полиция кызматкери 27 жаштагы афроамерикалык Рэйшард Бруксту атып, ал ооруканада көз жумган. Ага полиция тез татым жайынын алдындагы орунду ээлеп, автокөлүктө уктуп жатканда барган. Тартип сакчысы анын мас экенин көрүп, кармап кетүүгө аракет кылган. Ошол маалда ал укук коргоочулардын биринин электрошокерин жула качкан. Полиция Бруксту көздөй ок чыгарып, ал ооруканада көз жумган. Ал эми Атлантанын полиция жетекчиси Эрика Шилдс отставкага кеткен.

Бул бир ай ичиндеги экинчи окуя. Биринчисинде тартип сакчысы менен болгон окуядан кийин Жорж Флойд аттуу афроамерикалык каза тапкан. Анда элдин нааразычылыгы массалык башаламандык менен коштолгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0