Кытай: автоцистерна жарылып, каза тапкандардын саны 19га жетти

© AFP / STRКытайдын чыгышындагы Чжецзян провинциясында автоцистернанын жарылуусунун кесепети
Кытайдын чыгышындагы Чжецзян провинциясында автоцистернанын жарылуусунун кесепети - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жарылуунун толкуну шаардагы турак үйлөрдү, автоунааларды жабыркатып, дүкөн витриналарын талкалап кеткен.

БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Кытайдын чыгышындагы Чжецзян провинциясында автоцистернанын жарылуусунан каза тапкан адамдардын саны 19га жетти. Бул тууралуу РИА Новости Вэньлин шаарынын мэринин орун басары Чжу Минлянга таянуу менен жазды.

Ошондой эле 172 адам ар кандай жаракаты менен ооруканага жаткырылганы айтылат.

Окуя Тайчжоу шаар округунун Вэньлин шаар уездиндеги G15 "Шэньян-Хайкоу" шоссесинде 13-июнда түштөн кийин болгон. Жарылуунун толкуну шаардагы турак үйлөрдү, автоунааларды жабыркатып, дүкөндүн витриналарын талкалап кеткен. Мындан улам адамдар уранды алдында калган. Кырсык болгон жерде куткаруучулар менен дарыгерлердин тобу иштеп жатат. 

Жаңылыктар түрмөгү
0