Дарыгер балдар жана чоңдор күнүнө канча суу ичиш керектигин айтты

© Sputnik / Алехандро Мартинез Велез / Медиабанкка өтүүЖара в Испании
Жара в Испании - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дарыгердин айтымында, көп учурда балдар суусаганын билбей, ысыкта кыйналып жүрө берет. Ошондуктан ата-энелер аларга өздөрү маал-маалы менен суюктук берип турганы оң.

БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Жайында адам бөтөнчө суусай турганы маалым. Бирок организм талап кылбаган учурда өзүңдү мажбурлап ичүүнүн кереги жок. Бул тууралуу дарыгер-терапевт Ольга Кашубина Sputnik радиосуна айтып берди.

Анын айтымында, сергек жашоо образын карманып, организмди тазалоо үчүн күнүнө 8 стакандан кем эмес суу ичип туруу керек деген кептер чындыкка анчейин коошпойт. Муктаж болгондо организм өзү белги берет.

Эгерде жай мезгили тууралуу айта турган болсок, адам бул убакта бат суусайт. Өзгөчө балдар чаңкап кетет.

"Балдардын организми сууга муктаж болгону менен алар кичинекей болгондуктан көп көңүл бурбай, ысыкта кыйналып жүрө беришет. Ошондуктан аларга маал-маалы менен өзүбүз берип турушубуз керек. Эшикке сейилдегенге чыкканда аларга жарым саат сайын суу жуткуруп койгон туура. Ал эми чоңдор кайнап турган ысыкта дагы суусап жатканын туюп, чаңкаганын кандыра алат", — деген дарыгер.

Буга чейин адистер суюктукту көп ичүү чакырыгы анын бөтөлкөлөргө куюлуп сатыла баштагандан кийин күчөгөнүн айткан. Бир суткада адам үч литрге жакын суу ичиши керек деп бир катар докладдарда айтылып келген. Бирок суюктуктун бир тобу тамак-ашта болору тууралуу маалымат көз жаздымда калары белгиленген.

Жаңылыктар түрмөгү
0