Эл кылкылдады эле... АКШда митингдер коронавирустун жайылышын шарттаган жок

© Sputnik / Медиабанкка өтүүПротесты в США
Протесты в США - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул көп киши митингге маскачан келип, аралыкты сактаганга аракет кылганы менен түшүндүрүлдү. Ошондой эле күндүн ысышы дагы вирусту азайтууда.

БИШКЕК, 11-июн. — Sputnik. АКШда афроамерикалык Жорж Флойддун өлүмүнө байланыштуу болгон массалык нааразычылыктарда элдин көп топтолуусунан COVID-19 илдетинин өсүшү байкалган жок. Бул тууралуу Американын вице-президенти Майк Пенс Fox Business телеканалына маек куруп жатып билдиргенин "Известия" жазды.

Анын айтымында, коронавируска байланышкан кырдаал өзгөрүүсүз калууда. Анткени көп киши нааразычылык акцияларга маскачан келип, аралыкты сактаганга аракет кылган.

"Учурда митингдер башталган эки жумадан бери оорунун жаңы учурларынын көбөйгөнүн байкаган жокпуз", — деген Пенс.

Президенттин орун басары күндүн ысыганына байланыштуу дагы вирус азыраак жайылып жаткандыгын кошумчалаган.

Подготовика к дню памяти в Национальном кладбище Арлингтона, США - Sputnik Кыргызстан
Сазга батып... Жакынкы Чыгыштагы орустар АКШнын тынчын алууда
Эске салсак, 46 жаштагы афроамерикалык Жорж Флойд майдын аягында Миннеаполисте полиция кармап күч колдонгондон кийин көз жумган. Маркум жасалма акча пайдаланды деген шек менен кармалган. Полиция кызматкерлери афроамерикалыктын колуна кишен салгандан кийин жыгып, үчөөлөп басып калган видео тараган. Бирөөсү моюндун күрөө тамыр өткөн бөлүгүн тизеси менен кысып, басып турат. Флойддун бир нече жолу "дем ала албай жатам" деп айтып, андан кийин тынчып калганын көрүүгө болот.

Анын өлүмү элдин жаалын кайнатып, АКШда эле эмес, башка жерлерде да нааразылык толкундарын жаратты. Ал эми Американын бир нече шаарында башаламандык болуп, талап-тоноо күч алган.

Бирок соңку учурларда акциялар тынч өтүп, бийлик тартипти камсыздаган аскерлерди артка кайтара баштаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0