Аты үрккөн полиция кызматкери жол чыракты сүзүп кулады. Лондондогу видео

© REUTERS / HENRY NICHOLLSЛондондо атчан полиция нааразычылык акция учурунда
Лондондо атчан полиция нааразычылык акция учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ишемби күнү Британиянын борборунда митинг болуп, ал полиция менен элдин кагылышуусуна алып келген. Соңку маалыматтар боюнча, Лондондогу митингде 23 укук коргоо кызматкери жаракат алды.

БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Лондондо нааразычылык акциясы учурунда полиция кызматкери жол чыракты сүзүп, оор жаракат алды.

TMZ порталынын билдиришинче, нааразы болгондор аялга таш ыргыта баштаганда минген аты үркүп кеткен. https://www.tmz.com/2020/06/06/london-cop-police-knocked-off-horse-street-light-blm-protests/ Ээ-жаа бербеген жаныбар алдыны көздөй чуркаганда полиция кызматкери жол чыракка урунган. Кадрдан анын эсин жоготуп жерге жыгылганын көрүүгө болот.

Маалыматка ылайык, жабыркаган аял ооруканага жаткырылган, өмүрүнө коркунуч жок. Жаныбары атканага өзү кайтып келген. Учурда тергөө иштери башталганы айтылды.

Дагы бир видеодон демонстранттар атчан полицияга велосипедди атайылап кое бергенин көрүүгө болот. 

Андан кийин үрккөн ат көчө бойлой качып, алдынан чыккан кишини коюп кеткен.

Ишемби күнү Британиянын Лондон, Манчестер, Лестер, Кардифф, Бат, Шеффилд, Ньюкасл жана башка шаарларында митинг болду. Эл бийликтин коронавирус пандемиясы шартында коомдук иш-чараларды уюштурбай тургула деген чакырыгына каршы чыгышкан. Катышуучуларды атчан жана жөө полиция тараткан. Соңку маалыматтар боюнча, Лондондогу митингде 23 укук коргоо кызматкери жаракат алды.

Жаңылыктар түрмөгү
0