G20 өлкөлөрү коронавирус менен күрөшүүгө 21 миллиард доллар бөлөт

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүГоспиталь COVID-19 в ЦИТО им. Н. Н. Приорова
Госпиталь COVID-19 в ЦИТО им. Н. Н. Приорова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун соңку маалыматы боюнча, вирус 6,5 миллиондон ашуун адамга жугуп, 387 миң бейтап каза тапты.

БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. G20 мамлекеттери коронавирус менен күрөшүүгө 21 миллиард доллар бөлөт. Бул туурасында РИА Новости жазды.

Бул каражаттар вакцина чыгарууга, диагнозду аныктоого, дарылоого жана иликтөөлөрдү жүргүзүүгө жумшалат.

"G20 чакырылган өлкөлөр менен биргеликте COVID-19 пандемиясына каршы күрөшүүнү колдоо боюнча өз күчүн жумшайт. Азыркы тапта G20 мүчөлөрү жана чакырылган өлкөлөр дүйнөдөгү бардык саламаттык сактоо тармагына каржылык колдоо көрсөтүү үчүн 21 миллиард доллар бөлөт", — деп жазылат билдирүүдө.

Бүгүнкү күндө COVID-19 планетадагы бардык мамлекеттерди каптады. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун соңку маалыматы боюнча, вирус 6,5 миллиондон ашуун адамга жугуп, 387 миң бейтап каза тапты.

Жаңылыктар түрмөгү
0