Жай мезгили — жаман адаттардан арылууга ыңгайлуу учур. ДССУнун сунушу

© Sputnik / Константин Михальчевский / Медиабанкка өтүүАлкоголдук ичимдик ичип жаткан адамдар. Арихв
Алкоголдук ичимдик ичип жаткан адамдар. Арихв - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Туздуу, майлуу жана канты көп тамактардан баш тартууга жай мезгилинде жаңы бышып, ар бир дүкөндө сатылган жер-жемиштер жардам берет.

БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. Жай мезгили жаман адаттардан арылууга эң ыңгайлуу учур. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДССУ) Россиядагы өкүлү Мелита Вуйновичке таянып "Известия" басылмасы жазды.

"Азыркыдай жугуштуу илдет ар тараптан курчап турган кезде адам иммунитетин жакшыртышы керек. Ал үчүн ичимдик, чылым, туура эмес тамактануу, аз уктоо сыяктуу жаман адаттардан арылуу зарыл. Бул нерселердин баарын таштап коюуга күн жылуу, айлана жашыл болуп турган жай мезгили өтө ыңгайлуу", — деди Вуйнович.

Мисал катары ал туздуу, майлуу жана канты көп тамактардан баш тартууга жай мезгилинде жаңы бышып, ар бир дүкөндө сатылган жер-жемиштер жардам берерин айтат.

Ошондой эле жылуу мезгилдеги активдүү жашоо образы адамдын саламаттыгын бир топ жакшыртары кошумчаланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0