Йеменде Ruptly журналистин үйүнүн жанынан атып кетишти

© Фото / RTСтрингер видеоагентства Ruptly Набиль Хассан аль-Каити
Стрингер видеоагентства Ruptly Набиль Хассан аль-Каити - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Каза болгон жарандын артында үч баласы жана кош бойлуу аялы калды. Аны үйүнүн жанынан өлтүрүп кеткен.

БИШКЕК, 4-июн. — Sputnik. Йеменде белгисиз адамдар Ruptly видеоагенттигинин стрингери Набил Хассан аль-Каитини атып кетишкендигин RT агенттигинин Telegram-каналында кабарлады

"Ал Ruptly үчүн сюжет тартып жүргөн жана муну менен катар башка агенттиктер да иштечү. Набилдин артында үч баласы жана кош бойлуу аялы калды", — деп жазат RT.

Журналист Аден шаарындагы өз үйүнүн жанынан киши колдуу болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0