Колу-бутун байлап... Индияда тирүүлөй көмүлгөн киши көрдөн чыгып кетти

© AFP / NOEL CELISКолу байланган адам. Архив
Колу байланган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жабыркаган кишиге иш таап берип, кийин короткон акчасына нааразы болуп жүргөн адам аны бир жакка уурдап барып, сабагандан кийин көмүп салган.

БИШКЕК, 4-июн. — Sputnik. Индияда кылмышкерлер тирүүлөй көмүп кеткен Гондал Капил Маракана аттуу адам көрдөн чыгып кеткенге үлгүрүп, аман калды. Бул тууралуу The Times of India басылмасы аймактык полицияга шилтеме берип жазды.

Маалыматка ылайык, жабыркаган кишиге иш таап берип, кийин короткон акчасына нааразы болуп жүргөн адам шериктери менен чогуу аны бир жакка уурдап барып, токмоктошкон. Андан кийин эркек кишинин колу-бутун байлаган бойдон жерге көмүп, кетип калышкан.

"Маракана кумдун астынан жан далбастап, ары-бери тыбырчылап, бир бутун бошоткон. Өмүр үчүн болгон аракетин көргөн киши акыры көмүлгөн жерден чыгып кеткен", — деп билдирген укук коргоо органдары.

Жабырлануучу жакын жерде жайгашкан түрмөгө чуркап барып, полицияга окуя тууралуу айтып берген. Ал эми кол салгандар камакка алынган.

Жаңылыктар түрмөгү
0