АКШдагы башаламандыкка себеп болгон Флойд. Анын эмнеден өлгөнү айтылды

© Sputnik / Брайан Смит / Медиабанкка өтүүПротесты в Нью-Йорке
Протесты в Нью-Йорке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Флойд 25-май күнү ооруканадан каза болгон. Интернетте полиция кызматкерлери Флойддун колуна кишен салгандан кийин жыгып, үчөөлөп басып калган видео тараган.

БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. Афроамерикалык Жорж Флойд муунтуп өлтүрүлгөн. Бул тууралуу РИА Новости Миннеаполистин соттук-медициналык экспертиза жыйынтыгына таянып кабарлады. 

Ага ылайык, эксперттер укук коргоо органдарынын кызматкерлери Флойддун моюнун кысып, муунтканда жүрөгү токтоп каза болгон деген жыйынтык чыгарышкан. Бул адам өлтүрүү болуп эсептелет.

"Башында дарыгерлер Флойддун өлүмүн муунтуу менен байланыштырбай жатышкан. Кийинчерээк анын үй-бүлөсү өз алдынча сөөктү ачтырып, эксперттер кайрадан карап чыкканда Флойддун муунтуп өлтүрүлгөнү анык болгон. Ал жыйынтыкты соттук-медициналык экспертиза дагы тастыктап, өлүмдүн себебин расмий аныктады", — деп айтылат билдирүүдө.

Рабочая поездка президента РФ В. Путина в Санкт-Петербург - Sputnik Кыргызстан
Путин менен Трамп телефон аркылуу сүйлөштү
Флойд 25-май күнү каза болгон. Интернетте полиция кызматкерлери афроамерикалык адамдын колуна кишен салгандан кийин жыгып, үчөөлөп басып калган видео тараган. Бирөөсү моюндун күрөө тамыр өткөн бөлүгүн тизеси менен кысып, басып турат. Флойд бир нече жолу "дем ала албай жатам" деп айтып, андан кийин тынчып калганын көрүүгө болот.

Афроамерикалык жарандын өлүмүнөн кийин АКШда өткөн жумадан тарта нааразычылык акциялары башталып, ал башаламандыкка айланып кетти. Бир нече шаарга коменданттык саат киргизилип, полиция кызматкерлери тартипке көз салганы менен башаламандыктын аягы сууй элек. Ири шаарларда дүкөндөр талкаланып, мародерлук күч алганын ЖМКлар жазып жатышат.

АКШ президенти Дональд Трамп башаламандыкты террорчулук деп сыпаттады.

Жаңылыктар түрмөгү
0