"Орустар болушу мүмкүн". АКШ лидерлигинин күнү бүтүп баратабы?

© Sputnik / Стрингер / Медиабанкка өтүүМиннеаполистеги нааразычылык акциясынын катышуучулары
Миннеаполистеги нааразычылык акциясынын катышуучулары - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
CNN маалымат каражаты ушул тапта Американын улам бир шаарынан башка калаасына жайылып бараткан башаламандыкта Россиянын тыңчыларынын тиешеси болушу "толук ыктымал" деп маалымдады.

Анын алдында эле телеканал серепчилердин биринин бул нааразылык акцияларына "орус тыңчылары" аралашышы мүмкүн деген пикири камтылган сюжетти чыгарган. "Твиттердеги" баракчасына Дональд Трамп ал пикирди шылдыңдап да жазган. Бул тууралуу ой толгогон саясий серепчи Виктор Мараховскийдин макаласы биздин өнөктөш - РИА Новости агенттигинде жарыяланган.

Америкалык президенттин өлкөсүндөгү эң таасирдүү телеканалдардын бири менен мамилеси Иран менен Израилдикинен да начар. 2016-жылы эле CNN Трамптын президенттикке шайланбай калышына, андан соң "рашагейт" ("Russiagate") темасын күчөтүүгө бүт күчүн жумшаган. Трамп CNN каналын "фейк-ньюс CNN" деп атап, жек көргөнүн, каналдын беделинин төмөндөшүнө сүйүнгөнүн жашырбайт. Ошондуктан ал CNN каналынын Атланта шаарындагы штаб-квартирасына митингчилердин кол салышын, айнектерин талкалап, бузуп салышканын табалап жазган.

Брифинг официального представителя МИД России М. Захаровой - Sputnik Кыргызстан
Оңдолгус ката! АКШдагы митингге тиешеси бар деп айыпталган Россия жооп берди
"Твиттердеги" баракчасына АКШ президенти митингчилерди колдоп, алардын аракеттерин жактап келген каналды ошол эле нааразычылыкка чыккандар эле талкалашканын "шылдыңга" алган. Эми эң кызыгына токтололу. Аталган канал 40 жылга толуп отурат. Канал ишмердигин баштаганда кандай эле, азыр кандай экени, дегеле дүйнөлүк америкалык лидерликтин тарыхын ачык айтып турат.

Кырк жыл мурун жаш, курч, көздөгөнүнөн кайтпаган медиамагнат Тед Тернер тарыхта биринчи ирет күнү-түнү көрсөткөн, тынымсыз жаңылыктарды көрүүчүлөргө кабель аркылуу жеткирген каналды негиздеген. Бул кадамы менен маалыматтык бизнесте топ жарып, революция жасаган. Биз бүгүнкү күндө көз айыра албаган онлайндын учкундары эле. Ошондо, тагыраак, 1980-жылы мындай саамалык байкалганы менен өзгөчө маани беришкен эмес. Анткени Батышта жана Америкада илим жана бизнестеги, саясат жана социалдык технологиялардагы революциялар улам бирин артка сүрүп, алдыга зымырап бараткан.

Тернер жаңылыктарды күнү-түнү көрсөткөн каналды, андан кийинки жылы сегиз кишилик экипажга ылайыкталган көп жолу учурулуучу NASA космостук кемени учурат (ооба, бул окуя туура 39 жыл мурун болгон. Муну эске салган себебибиз, "Космосто акыры революция жасалды" деген бүгүнкү кыйкырыктар – кадимки эле пиар-дүрбөлөң). Ошол тушта IBM да жеке үй компьютерин биринчи ирет сериялык түрдө чыгарып, сатыкка чыгарган. Андан кийинки кезекте массалык мобилдик телефондор, аркасынан эч кимдин оюна да келе элек болочоктун таанылбаган падышасы — интернет "кырдан кол булгап" турган.

Анда Америка XX кылымдын тилегин даана көрсөтүп турган өлкө эле. Жаш, бирок кыйла токтолуп калган (1980-жылы америкалыктардын орточо курагы 30 жашты түзгөн), сырттан гана келген эмес, өз генийлерине толгон, көп багытта илим-билим тааныган, либералдык (ошол убактагы түшүнүктө), технократтык жана ошол эле убакта диний, ойлоп тапкыч жана алгыр убагы эле.

CNN ошондой Американын реалдуулукка катуу таасир эткен күчтүү инструментине айланган. Түптөлгөнүнө он бир жыл өтүп, бүтүндөй планета "Булуңдагы согуш" деп аталган ири шоуга көз салып турганда телеканал күчүнө толгон.

АКШда массалык нааразычылык акциялары - Sputnik Кыргызстан
Эми каргалар чыгат. Косачев РФтин АКШдагы ызы-чууга күнөөлөнүшү боюнча үн катты
Жогорку технологиялык америкалык учактар Евразиянын күчтүү армияларынын бирин көз ачырбай таш-талканын чыгарган. Ошондо дүйнө күбө болгон шоу АКШ жеңилгис, эч токтобогон, адамзаттын калган бөлүгүнө караганда кыйла секирик жасаган держава деген ишенимди жаратып, бүтүндөй бир муундун жүрөгүн уялаган.

Дүйнөнүн калган бөлүгү АКШнын кыжырына тийип албай, Кошмо Штаттардын тилин алып, алардын ырайымына үмүт артып, АКШнын куйругунда түбөлүк сүйрөлүп калгандай болгон.

Ирактын аскердик кубаттуулугунан соң дароо Советтер Союзу планетанын картасынан жоголгону, андан чачырагандар АКШга тигил же бул формада ыктаганы кандайдыр бир деңгээлде америкалыктар үчүн XX кылымдын ийгиликтүү соңу болгон. Бул жеңиштин айныгыс жеңүүчүлөрүнүн бири катары биз кеп кылган телеканалдын негиздөөчүсү Тед Тернерди да атасак болот. Чыныгы реалдуулукта ар бир жеңиш убактылуу, анын аркасынан жаңы барак ачылат. XX кылымда жеңишке жеткен Америка "жеңүүчү синдромунан" кутула албай келет көрүнөт.

СССР ыдырагандан кийин америкалык мамлекеттик уюмдар дароо эле "Россиядан адистерди" окутууларды уюштурууга киришкен. Анткен менен америкалык дипломатиянын өзү да кызык бир чекке жетип калган. Компромисс издөөчү жана манипуляция чеберлеринин ордуна АКШнын дипломатиялык мектептери "талкуулоого жатпаган буйруктарды ташыган жогорку маяналуу фельдъегерлерди" жана америкалык кысымга ийилбеген, эпке келбегендерге кысымды күчөтүү керек деп эсептегендерди тарбиялоого өтүшкөн. Деталдары CNN да, Голливуд да, "түстүү технологиялар", ал эми жаңы кылымдагы Facebook менен Twitter болгон "реалдуулуктун америкалык пульту" ошол синдромдун курмандыгы болуп калышты.

Атайылап жалган айыптап жана америкалык башкаруу борборлорунда тийиштүү медианын көмөгү аркылуу ишке ашырылган ийгиликтүү "твиттер-революциялар" боюнча бир нече өлкөнү "жазага тарткан" соң көпчүлүк атайын окутулган технологиялык кишилер элдин аң-сезимине массалык түрдө сиңирип жаткан реалдуулуктан башка чындык жок экенине биротоло ынандырып коюшкандай. Жакшы камералуу акыркы үлгүдөгү стример, "Фейсбуктун" колдоосу, америкалык элчиликтин аркасында болушу, америкалык бомбалоочуларынын коштоосунун айкалышы жапжаңы күчтүү куралга айланды.

Алардын күчү дагы деле бар экенин, канча кысымга алсаң да өч алуунун ыгын табарын реалдуулук далилдеди. "CNN дүйнөсүнүн" башына апокалипсис 2016-жылы келген десек болот, анткени ошол убакта америкалык медиа чөйрөдөгү жапырт үстөмдүккө карабай шайлоодон Трамп утуп чыккан. Жакпаган талапкердин жеңип чыгышы "хэппи-энд" доорунун идеялык негиздерине, тескелчү реалдуулук демилгесине, CNN жана The New York Times биримдигинин жеңилбестиги жөнүндөгү догмага чоң сокку болгон.

АКШнын президенти Дональд Трамп брифингден кийин. Архив - Sputnik Кыргызстан
ЖМК: башаламандык учурунда Трампты бункерге убактылуу алып кетишкен
Азыркы кырдаалдын айкалышы боюнча дал ушул CNN бул сыйкырдуу версиянын негизги медиалык үгүттөөчүсү болду. Акыркы мезгилге чейин биз "АКШдагы жарандык кансыз согуш" деп атап келген митингге активдүү катышты. Ал эми азыр аны кансыз деп атоого болор-болбосун да билбей калдык.

Азыр Американын отуз ири калаасында башаламандык өкүм сүрүп, ал эми планетабыздан биринчи жеке (мамлекеттик буюртма менен казынанын акчасына жасалса да) космостук кеменин сигналдары жаңырып турган учур. Бирок ушундай маалда мурдагы дүйнөлүк үстөмчүнүн аймагында басма сөздө чагылдырылышы жана чыныгы турмуштагы реалдуулуктун өз ара айкалышы кандай нукта өрчүй турганын элестетүүгө аракет кылабыз.

Дал азыркыдай уланып кете бериши мүмкүн деген версиялар да жок эмес. Кептин баары, чыныгы "кыямат күн" болбогондой, чексиз бактылуулуктун да болбостугунда. Апокалипсис дайым эле өлүмгө дуушар кылбайт. Балким тек гана дүйнөлүк саясий жана экономикалык, күч берүүчү лидерлигинен тайгандыгыдыр. Бул өлкөнүн социалдык көйгөйлөргө баткан ийгиликсиз бөлүктөрүн өзүнчө бир "үчүнчү дүйнөгө" чөмүлтүү гана аракети (ушул тапта АКШда 40 000 000 жумушсуз жүрөт, мындай көрсөткүч дагы көбөйүшү мүмкүн экенин боолголоп жатышат). Бул коомдо ажырым жаратуу, өлкөнү жакыр постапокалипсистик аймактарга жана обочолонгон бай аралдарга бөлүп-жаруу, алар жактан дизайнердик ракеталар да учурулушу ыктымал. Кай бир жерде бүтүндөй шаарлар соя сорпосуна алымсынып калар, айрым жактарда бюджети олчойгон, эстен тандырган блокбастерлер тартылар.

Кошмо Штаттар качандыр бир кезде "Спейс Шаттлды" учурган, CNN каналынын 81 жаштагы түптөөчүсү Тед Тернердин эсиндеги Америка эмес азыр. Эсинде экени да арсар, анткени ал бир-эки жыл мурун деменциядан жабыркап жүргөнүн билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0