Тамакты кыйнайт. Дарыгер чоң киши жумасына канча балмуздак жесе болорун айтты

© Sputnik / Сергей Пятаков / Медиабанкка өтүүПогода в Москве
Погода в Москве - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адис белгилегендей, балмуздак биринчи кезекте алкымдын арткы бөлүгүн сезгентип, ангинаны жана фарингитти пайда кылат. Өнөкөт оорулары барларга эки эсе зыян.

БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. Балмуздакты ашыгы менен жеп алуу ангина, ларингит жана башка тамак ооруларына алып келгендиктен чоң киши жумасына экини гана жеши керек. Бул тууралуу "Известия" ЛОР клиникасынын башчысы, медицина илимдеринин кандидаты Владимир Зайцевге шилтеме берип жазды. 

Анын айтымында, күн сайын балмуздак жей берген болбойт.

"Балмуздак биринчи кезекте тамактын арткы бөлүгүн сезгентип, ангинаны жана фарингитти пайда кылат. Эгер тамактын өнөкөт оорусу болсо, эки эсе зыянын тартат", — деп айтып берген дарыгер.

Ооруну алдын алуу үчүн Зайцев суук өтүп калбаш үчүн кондиционер сайылган бөлмөдө балмуздак жебеш керектигин да эскерткен.

Мороженое в рожке. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Торт, балмуздак, туз. Жүрөккө "бычак" азыктар аталды
Дарыгер тишке зыян келтирип, невритти пайда кылбаш үчүн балмуздакты жайыраак жегенге кеңеш берип өттү. Ошол эле учурда балмуздак өнөкөт тонзиллит менен ооруган адамдарга болбой турганын белгиледи.

Адистин айтымында, тамак үчүн эң коопсуз балмуздак жемиштен жасалган "муз" болуп саналат. Ал пломбирге караганда тезирээк эрийт.

Зайцев балдарга дагы балмуздакты азыраак берүүгө чакырды. Аларга жумасына бирөө гана жетиштүү.

Жаңылыктар түрмөгү
0