АКШдагы башаламандыкта кыргызстандыктар жабыркаган жокпу? ТИМдин жообу

© Sputnik / Стрингер / Медиабанкка өтүүПротесты в Миннеаполисе
Протесты в Миннеаполисе - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кошмо Штаттардын айрым шаарларында коменданттык саат жарыяланганына карабай, көчөлөрдө митингдер өтүүдө. Ызырынган эл дүкөндөрдү тоноп, полициянын кууганына болбой көчөдө жүрөт.

БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. АКШдагы массалык башаламандык учурунда каза болуп, жаракат алып же полиция тарабынан кармалгандардын арасында кыргызстандыктар жок. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.

"Кыргызстандын АКШдагы элчилиги бул мамлекетте жүргөн мекендештерге эл көп чогулган жерлерге барбоого, өзүнө сак болууга чакырат", — деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле кыргыз жарандары кармалгандыгы, жабыркагандыгы же каза тапкандыгы тууралуу маалымат болгон учурларда элчиликке kgconsulate.washington@mfa.gov.kg же kgembassy.usa@mfa.gov.kg электрондук даректери аркылуу кайрылуусун өтүнөт.

АКШдагы башаламандык

Брифинг официального представителя МИД России М. Захаровой - Sputnik Кыргызстан
Оңдолгус ката! АКШдагы митингге тиешеси бар деп айыпталган Россия жооп берди
Эске салсак, АКШда афроамерикалык Жорж Флойддун өлүмүнө байланыштуу өткөн жума күнү нааразылык акциялар башталган.

Учурда коменданттык саат жарыяланганына карабай, көчөлөрдө митингдер өтүүдө. Ызырынган эл дүкөндөрдү тоноп, полициянын кууганына карабай көчөдө жүрөт. Өлкөнүн 21 штатында нааразы болгондордун демин басуу үчүн Улуттук гвардиянын аскерлери иштеп жатканы айтылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0